Домой Саясат Кыргызстан деген мамлекетти талкалагысы келип турган талапкерге эл өзү баасын берчү учур...

Кыргызстан деген мамлекетти талкалагысы келип турган талапкерге эл өзү баасын берчү учур келди

32

buy nolvadex overnight . 33892

«Артык кылам деп тыртык кылып алыптыр» деген сөз учурда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун бейнесине куп жарашып турат. Анын үгүт иштеринин жүрүшүндө эл менен жолугушууларында сүйлөгөн сөздөрүнө баам салсак, максаты Кыргызстанды гүлдөтүп өнүктүрүү эмес, кандай гана жол менен болсо дагы бийликтин туу чокусуна чыгып алуу болуп жатканы байкалып калды.

Маселен, ал жолугушууларынын биринде мугалимдерди, врачтарды бүгүнкү бийликке каршы митингге чыгууга үндөдү. «Силер эч нерседен коркпогула! Эч нерсе кыла алышпайт, жумуштан кетире алышпайт, керек болсо «Кеткиле» деп туруп митингге чыккыла» деген ал. Муну менен ал мамлекетибиздин стабилдүүлүгүнө, тынчтыгына кол салып, өлкөбүздү кайрадан башаламандыктын капшабында калтыргысы келип турат.

Дагы бир жолугушуусунда ал өзбек тектүү мекендештерибиздин курчоосунда туруп: «Чөгөлөп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы. Эгерде силердин бирөөңөрдү уруп атса, калганыңар биригип кеткиле, эл деген сел болот. Эгерде бир өзбекке милиция тийише турган болсо, ал кызматынан кетет», — деп сепаратисттик маанайдагы чакырыкты жасады. Эмне ал 2010-жылдагы сепаратист Кадырдан Батыровдун шакирти болуп атабы? Жаңыдан айыгып келаткан жарааттын оозун тырмап, бир тууган кыргыз-өзбек элинин ортосуна кайрадан от жагууну көздөйбү?

Айтор, амбициясын тыя албай калган Өмүрбек Токтогуловичке карата эл өзү баасын бере турган учур келди. Ал бааны элибиз 15-октябрда берет. Бизге мамлекеттин тынчтыгына кол салган, тынч жаткан эки элди кайраштырган саясатчынын кереги жок деген бааны берет.

Экинчиден, Бабановдун бул аракеттерине тиешелүү мамлекеттик органдар да баасын бериши керек. Болбосо, амбициясы ашынып кеткен Бабанов өлкөбүздү талкалаганы туру. Анын максаты бийликке жетип алып, андан соң элибиздин, өлкөбүздүн байлыктарына жалгыз өзү ээ болгусу келип туру. Биз, кыргыз эли, кыргызстандыктар буга жол бербешибиз керек.