Домой Дүйнөдө 65 кыз-келинди мыкаачылык менен өлтүргөн Чикатилонун аялы ким болгон?

65 кыз-келинди мыкаачылык менен өлтүргөн Чикатилонун аялы ким болгон?

227

“Кутурган айбан” атка конгон өткөн советтик доордун эң белгилүү маньягы Андрей Чикатило өлүм жазасына тартылгандан бери 20 жылдай мезгил өттү. Бирок, анын атын укканда көп кишилердин дене бою азырга чейин дүркүрөп кетет. Ага 53 кыз-келинди (алардын эң кичинеси 7 жашта болгон) мыкаачылык менен өлтүргөн деп айып коюлган. Бирок, оперативдик маалыматтар боюнча, ал өлтүргөн кыздардын, аялдардын саны алтымыш бешке чукул болушу мүмкүн. Ушундан улам “мындай шүмшүктүн аялы ким болду экен, күйөөсү ушунча кишини өлтүргөнгө чейин кантип билбеди?” деген суроо туулат.

Маньяктын аялы Фаина Одначева көп балалуу үй -бөлөдө (он бир тууган) туулган. Өңү сертирээк болгондуктан, жигиттер анын артынан көп үзүлүп түшүшчү эмес. 1963-жылы курбу кызы аны өзүнүн агасы менен таныштырат. Эки жаштын ортосунда ошол замат сезим оту тутанып, бир жарым айдан кийин баш кошушат. Фаина өзүн бактылуумун, турмушка аябай ийгиликтүү чыктым деп эсептечү. Себеби, күйөөсү арак ичип, тамек тартып, чыр салчу эмес. Үйдүн кожоюну чындыгында Фаина болчу, ал эмне десе Андрей “куп” деп аткарчу. Айлыгынан жебей-ичпей чогултуп, “Москвич” автоунаасын сатып алат. Ошол кезде бул карапайым совет адамы үчүн чоң жетишкендик эле. Андрей менен Фаинанын тун баласы 8 айлыгында эле чарчап калат.
Бирок, бир жылдан кийин кыздуу, дагы 4 жылдан кийин уулдуу болушат. Уулу Юра да “атам иделдуу, ал дүйнөдөгү аталардын эң мыктысы” деп эсептечү. Бирок, жубайлардын турмушунда түшүнүксүз, таңкалычтуу нерселер көп эле болуптур. Тек, Фаина аларды этибарга албай, же алса да көз жумду мамиле кылып койсо керек. Фаинанын өзүнүн айтымында, “биринчи нике түнүндө эле ал күйөөсүнүн эркек катары алсыздыгын сезет”. Бирок, “уялып, тартынып жаткан чыгар” деп буга анчалык маани бербейт. Күйөөсү жашаган жерин, ишин бат-бат алмаштыра баштайт. Интернаттын окуучуларына кылжыңдап тийишкени үчүн завучтук кызматынан кол жууп, дагы бир боз уланга тийише коём деп ПТУдан да айдалат. Аялы себебин сураса “кесиптештерим мени көралбай, жок жерден жаман атты кылып жатышат” деп коёт.
1982-жылдан, сериялык киши өлтүрүүлөр башталгандан тарта аялы экөөнүн ортосунда эч кандай жыныстык катнаш болбой калат. Бирок, Фаина “күйөөм импотент болуп калды” деп ойлоп, ага да көп маани бербейт. Күйөөсү тез-тез “командировкага” кетип, ал жактан кийими чаң, кээде кан болуп келгенине да көңүл бурбайт. Атасы бир жолу өз небересине тийишкенин байкап калып, алардын кызы аны менен бет карашпай калат. Бирок, маньяктын аялын бул факты да эмнегедир көп санаага батырган эмес. Тергөөчү Амурхан Яндиевдин айтымында, Фаина Чикатило акырына чейин күйөөсүнүн бейкүнөө экенине ишенип, тергөөнүн жүрүшү тартылган видео сюжетти (анда Чикатило кайсы кызды кантип өлтүргөнүн айтып, кылмыш жасалган жерлерди көрсөтүп берген) көргөндөн кийин гана андан түңүлөт.
Яндиевдин эскерүүлөрүнө караганда, Чикатило менен түрмөдө жолугушкан кезде аялы ага болгону бир гана суро бериптир: “Бул эмне кылганың, Андрей?” Ошондон кийин андан такыр кол үзүп, кыз кезиндеги фамилиясына кайра өтөт. Бирок, фамилиясын өзгөрткөнү уулу экөөнү элдин куугунтугунан куткара алган жок. Юрийдин айтымында, көп кишилер алардын почта жашигине коркуткан, каргаган каттарды жазып атышты. Ошондуктан,Фаина балдар бакчасынын башчысы кызматынан баш тартып, Харьковго кетүүгө аргасыз болот. Ал жерде базарда реализатор болуп орношуп, өмүрүнүн акырына чейин кызы менен неберелерин багууга жардам берип жашаган.
Булак: Aryba.kg