Домой Саясат Экс-судья Эмил Мамытовго качан тиешелүү органдар көңүл бурушат?

Экс-судья Эмил Мамытовго качан тиешелүү органдар көңүл бурушат?

399

Жөнөкөй кишинин алтымыш эшекке жүк болчу иши болгондо эчак түрмөнүн төрүндө отурмак. Сыягы экс-судья Мамытов Эмилдин коррупция жыттанган байланыштары күч органдарын терең тамырлап кеткен окшойт. Дегенибиз, экс-судьянынын жоруктары мамлекетибизде сот системасынын кандай абалда экенин чагылдырып турат.

Экс-судья Мамытовдун “алтымыш эшектик жүгү”…

Биринчи кылмыш иши:

Экс-судья Мамытов Эмилбекке жана анын уулу Эмилбеков

Мырзабекке 15-февраль 2017-жылы № 51-17-41, ст. 166 ч.2  п.2, ч.4 п.2  боюнча Бишкек шаардык ИИБнын Тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгогон.

Бул кылмыш ишинде экс-судья Мамытов Эмилбек ОсОО «Меридиан Логистик» ишканасындагы россиялык жаран Куриленко Виктор Николаевичке тиешелүү 50% үлүшүн өзүнүн аяшы, жеке нотариус Кожомкулова Айгүл Эсенжановнанын жалган нотариалдык тастыктоосунун негизинде тартып алган. Бул окуя боюнча ушул күнгө чейин Мамытовго жана нотариус Кожомкулова Айгүлгө тиешелүү мыйзам чегинде баа берилбей келе жатат. Буга Курманов Ашыр Тукешович Чүй областынын райондор аралык сотунун төрагасы жолтоо болуп келет. Себеби Кожомкулова Айгүл анын жубайы.

Ошондой эле экс-судья Мамытов алдамчылык жол менен ишмер Р.М. Абдурасуловдун казакстандык жана россиялык өнөктөштөрү менен эки 4 этаждык офис салган (Бишкек, Осмонкул көчөсү 113 менен Никитина 2) тартып алган. Бул офистердин азыркы базар баасы ар бири бир миллион доллардан турат. Экс-судья Осмонкул 113 дарегиндеги офисти жубайы Шаршенова Чолпон Төлөмүшовнага жана Никитина 2 дарегиндеги офисти өзүнө каттатып алган.

Мындан сырткары дагы бир кылмышка негиз болчу экс-судьянын баласы Эмилбеков Мырзабек банктагы алынган насыяны атасына ишенип жоготконун айтсак болот.

Айтор, чындыгында алтымыш эшекке жүк болчу иштер. Мамытовдун үй-бүлөсү кантип көтөрүп жүрөт айтуу кыйын. Албетте, эми бул убактылуу көрүнүш. Эртедир-кечтир жооп берчү учур келет…

Экинчи кылмыш иши:

Башкы прокуратура 2018-жылы 30-ноябрда № 150-18-231 по ст. 304 ч.2, ч.3 п.1, жана ст. 173 ч.3 п.2 кылмыш ишин козгогон. Бул кылмыш ишинде Эмилбеков Мырзабек (экс-судья Мамытовдун уулу) башкарган ОсОО «Меридиан Логистик Сервис» компаниясы «Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасына 6 292 842 сом ири өлчөмдө зыян келтиргени аныкталган.

Бул боюнча укук коргоо органдары коррупцияга каршы күрөштүн алкагында чара көрүшө элек. Тоок урдаган кишилер жылдап камалып жатканда, мамлекет 6 292 842 сом зыян тартып жатса эч ким камалбайт. Бул жагы “карга-карганын көзүн чокубайт” болууда…

Үчүнчү кылмыш иши:

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы 2018-жылы  21-ноябрда №155-18-2272  Экс-судьянын уулу Эмилбеков Мырзабек милициянын майорун сабап салган иш боюнча кылмыш ишин козгогон.  Азырынча тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн аты-жөнүн атабай туралы. Бул ишти Октябрь райондук милициясытергеп жатат. Сыягы бир эле экс-судья эмес, анын баласы да билгенин жасай берсе болобу деген суроо туулат? Өкүнүчтүүсү, милициянын мундири, намыс кайда калат?

Төртүнчү кылмыш иши:

Бишкек шаарынын Свердлов райондук тергөө кызматы 2018-жылы 13-августта № 3-18-2032, по ст. 166 ч.3, боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иште экс-судья Мамытов, алдамчылыкты уюштуруу боюнча кылмышка шектелип иш козголгон досу Асанов Чолпонбектин кылмыш ишинде негизги күбө катары сурак берүүдө.

Тактап айтканда, экс-судья Мамытов ишкер Абдурасулов Раджабга элиталык үйдөн 3 комнаталык квартира алып берем деп, өзүнүн досу Асанов Чолпонбек менен таныштырат. Мамытов менен досу Асанов Чолпонбек Абдурасуловдун «Рейнджровер» джип машинесин 36 000 миң долларга баалап, дагы кошумча  21 850 доллар алып жок болушат. Натыйжада, экс-судья Мамытов жана досу Асанов Чолпонбек баягы укук коргоо тармагындагы байланыштары аркылуу тергөөгө таасир этип, мыйзам чегиндеги жазадан качып жүрүшөт.

Бешинчи кылмыш иши:

Свердлов райондук Тергөө кызматы экс-судья Мамытовдун уулу Эмилбеков Мырзабекке 2018-жылы8-июлда № 3-18-1585 ст. 234 ч.1, ч.2  п.1 боюнча Р.М.Абдурасуловдун денесине жеңил жаракат келтирүү деген негизде кылмыш ишин козгогон.

Бул жагдай экс-судья Мамытов Эмилбек,  уулу Мырзабек, иниси Бактыбек жана 7-8 тууганы ишкер Абдурасуловду сабап, офистерин баскынчылык жол менен басып алабыз деген негизде жасалган.

Алтынчы кылмыш иши:

Свердлов райондук Тергөө кызматы  экс-судья Мамытовдун уулу  Эмилбеков Мырзабекке, иниси Даблетов Бактыбекке 2018-жылдын 26-июлунда   № 3-18-1972  ст. 234 ч.1, ч.2  п.1 боюнча Р.М. Абдурасуловдун денесине жеңил жаракат келтирүү деген негизде кылмыш ишин козгогон.

Башкача айтканда, кайра эле экс-судья Мамытов Эмилбек туугандары менен  уулу Мырзабек, иниси Бактыбек жана 7-8 тууганы ишкер Абдурасуловду сабап, офистерин тартып алуу планын аткарышкан. Бул иштерди Мамытов жалгыз эмес, көптөп жасашкан. Дайыма мобилдик телефон камераларына болуп жаткан окуяларды тартып жүрүшкөн. Натыйжада өздөрүнө керектүү жерлерин монтаждап, анан тиешелүү органдарга беришкен.

Айткандай, мындай аракети аркылуу экс-судья Мамытов Эмилбек Куралдуу күчтөрдүн ардагери, полковник, учурдагы ишкер Абдурасуловго кылмыш ишин козготконго жетишкен. Анда ишкер жалгыз баарын сабап, саламаттыгына оор залал келтирген кылып көрсөткөн. Албетте, ишкерге карата Мамытовдун максаты түшүнүктүү. Эмне үчүн дегенде, бизнес, офис, акча, машина көптөгөн кызыкчылык бар. Эгер Абдурасулов камалса, баарына ээ болууга жеңил. Ошол себептен Мамытовдун бул аракетинин артында өзүнүн алдамчылык иштерин жабуу максаты көздөлгөнүн баамдоо кыйын эмес.

Граждандык түрдө жетинчи кылмыш иши сотто каралган

«Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы экс-судья Мамытовдун ОсОО «Меридиан Логистик Сервис» компаниясын граждандык сотто жеңип, 6 292 842 сомду бүгүнкү күнгө чейин өндүрө албай жүрөт. Биз бул боюнча Башкы прокуратура 2018-жылы 30-ноябрда № 150-18-231 по ст. 304 ч.2, ч.3 п.1, жана ст. 173 ч.3 п.2 кылмыш ишин козгогонун белгиледик.

Экссудьянын калган «эшек жүктөрү» эл аралык деңгээлде!

Сегизинчи граждандык түрдөгү кылмыш иши

Экс-судья Мамытов менен баласы Мырзабекти казакстандык «Шынгар Транс» компаниясы алданып калганы боюнча 30 000 долларга жакын суммага доо коюп Алматы шаардык сотуна берип жеңип алган. Азыркы учурда Мамытовдор качып жүрүшөт!

Тогузунчу граждандык түрдөгү кылмыш иши

Экс-судья Мамытов Эмилбек менен уулу Мырзабекти казакстандык  «Блюс парк» компаниясы Алматы шаардык сотуна берип, 40 000 долларга жакын доо коюп, утуп алышкан.

Онунчу граждандык түрдөгү кылмыш иши

Экс-судья Мамытов Эмилбек менен уулу Мырзабекти дагы бир казакстандык «Инком транс»  компаниясы сотко берип, 80 000 доллар доо коюп жатат. Кылмыш иши Алматы шаардык сотунда каралууда.

Ушундан улам, Мамытовдор кандай камырдан жасалган, алар аралашкан  кылмышка шектүү иштер канча эшекке жүк болот деген суроо пайда болот. Кантип эле адамдык сапат аз да болсо калган эмес?.. Тиешелүү укук коргоо органдары каякты карап жатышат? Качан мыйзам алкагында чара көрүшөт?  “Уурулук кылганга мүмкүндүк жаралса ууру төрөлөт” дегенге чекит коюлуш керек го акыры…

                                                                                         Булак: «Фабула пресс»