Домой Коом 4 миң метр бийиктиктеги археологиялык табылгалар жана тоо үстүндөгү көл

4 миң метр бийиктиктеги археологиялык табылгалар жана тоо үстүндөгү көл

234

2-курстун студенти 4 миң метр бийиктен алгачкы жолу археологиялык табылгаларды тапкандыгы туурасында turmush.kg басылмасынын кабарчысына маалымат берди.

Исламидин Нурдинов Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тарых факультетинин 2-курсунун студенти. Ал досу Азамат Маматали уулу менен ушул жылдын июнь айында Алай районунун Мурдаш айылындагы Ак-Бай тоосуна (деңиз деңгээлинен 4000 метр бийикте жайгашкан) саякаттап барып, тарыхый мааниге ээ табылгаларды табышкан.

«Ак-Бай тоосу деңиз деңгээлинен 4000 метр бийикте жайгашып, көк мөңгүсү жайы-кышы ээрибей турат. Абанын температурасы жайкысын да 15 градустан ашпайт. Мындай бийиктиги жана сууктугуна байланыштуу бул тоого чыккандар деле дээрлик жок. Ошонун натыйжасында тарыхый мурастар кылымдар бою бузулбай жана талкаланбай сакталып келиптир. Бул жолу болжол менен коло жана сак дооруна таандык болгон петроглифтерди тапканбыз. Мындан тышкары мөңгү сууларынан жаралган уникалдуу көлдү көрдүк. Албетте бул биз үчүн аябай кубанычтуу окуя болду. Биз дароо ал жердеги петроглифтерди, көлдү сүрөткө тартып, социалдык тармактардагы баракчабызга бөлүштүк. Кийин да бир нече жолу ал жерге барып, жаңы петроглифтер менен катар байыркы адамдар көмүлгөн жайларды таптык. Келечекте бул аймакка илимий изилдөө иштери жүргүзүлүшү керек. Анткени, бул тарыхый объекттер буга чейин тарыхый мурас катары таанылып, илимий-археологиялык изилдөөгө алына элек жаңы табылгалар. Бирок кубанычыбыз узакка созулган жок. Себеби, акыркы он жылдыкта ал жерде көмүрдүн запасы табылып, көмүр карьери иштеп жатат. Бул карьер Кара-Суу районунун Кожо-Келен айылынын Калдырама жайлоосуна караштуу экен. Көмүр карьеринин аймагы жылдан жылга кеңейип, айланасындагы тарыхый эстеликтер талкаланып баратканын көрдүк.

Биз август айынын аягында үчүнчү жолу барганыбызда карьердин айланасында сак дооруна таандык болушу мүмкүн делген көрүстөндөр жайгашканын көрдүк. Алар дагы талкаланып жок болушу мүмкүн. Жергиликтүү тургундардын айтымында, кен жаңы ачылып, казуу иштери жүрүп жатканда адамдын сөөктөрү табылыптыр. Ошондой эле кенде иштеген жумушчуларга түнкүсүн көрүнчүлөр көрүнүп жаткандыгы боюнча айыл арасында айтылып жүрчү. Жергиликтүү эл аны кендин аймагындагы көрүстөндөр талкаланганына байланыштырышкан. Демек, көмүр казылып жаткан аймакта көптөгөн кургандар (адам көмүлгөн жер) талкаланып жок болгон», — дейт тарыхчы

Ошондой эле Исламидин Нурдинов көмүр кенге баруучу жолду салуу учурунда да эстеликтер талкаланганын, көмүр казуу иштери Ак-Байдагы мөңгү суусунан куралган Көк-Көлгө жана арчалуу токойлорго чоң зыян келтирерин айтты.

«Тарыхый эстеликтерге варвардык мамиле муну менен эле токтоп калбастан уланып жатат. Жакында эле аталган кендин жогору тарабында жаңы кенге жол салынып жаткандыгына да күбө болдук. Эгерде жаңы кен ачыла турган болсо кургандар эле эмес, петроглифтердин бир бөлүгү талкаланып жок болуп кетиши мүмкүн. Бул коркунучту биз тартып алган сүрөттөр айгинелейт. Ошондуктан мындай “вандализмдик” көрүнүштү алдын алуу үчүн эстеликтер жайгашкан аймакты тезинен корукка алып, көмүр кендеринин ээлеринин ишмердүүлүгүнө чекит коюушубуз керек», — деди ал.