Урматтуу мекендештер! 2022-жылдын 30-декабрынан тарта Кыргызстан боюнча Санариптик документтер юридикалык күчкө ээ болду.
«Санариптешүү мамлекеттик органдан гана көз каранды эмес, санариптешүүдө жарандардын сунушталган санариптик кызматтарды колдоно билүүсү өтө маанилүү. Биз комплекстүү жана бирдиктүү иш аракет менен гана санарип ыңгайлуулуктарынын жаңы деңгээлине жете алабыз. Ошондуктан баарыңыздарды санарип документтериңизди колдонууга чакырам» — деп Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү жасады.