Домой Криминал Видео: Сабалган адам ооруканадан каза болгон. Аны алып келгендерди милиция издөөдө

Видео: Сабалган адам ооруканадан каза болгон. Аны алып келгендерди милиция издөөдө

34

Сабалган адам ооруканадан каза болгон. Милиция ооруканага алып келгендерге издөө жарыялады. Бул тууралуу Свердлов районунун ИИБсинин басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 6-мартында түнкү саат 01:20 ларда Свердлов районунун нөөмөт бөлүмүнө Бишкектеги  ооруканалардын бирине 30-35 жаштардагы эки адам 1964-жылы туулган Н.С аттуу адамды алып келип таштап кетип калышкандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Сабалган адам ичимдик ичип алган  жана ал өзүнө келбей каза болгон.

Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Булак: sokol.media