Домой Саясат ВИДЕО- Динар Турдугулова, журналист: “Депутат Эмиль Токтошев мас аялды тепкилейт элем деп...

ВИДЕО- Динар Турдугулова, журналист: “Депутат Эмиль Токтошев мас аялды тепкилейт элем деп айткан эмес”

39

Азия Ньюс гезитинин журналисти Эмил Токтошевдин талкуу жараткан маеги боюнча чындыкты айтып чыкты. Журналист Динар Турдугулованын айтымында депутаттын маегин баш редактору бурмалап салган.

“Депутат Эмиль Токтошевден болуп өткөн митинг тууралуу интервью алгам. Макала “Азия Ньюс” гезитинин бүгүнкү санына чыкты. Эртеден бери ушул маек боюнча ызы-чуу болуп атат. Анткени, ал жерде Токтошев айтпаган жана материалдын автору катары мен жазбаган сөздөр кошулуп кетиптир. Автор мен, бирок, менин автордук укугум бузулган, редактор Аслан Сартбаев макалага башка авторду, т.а. псевдоним коюп чыгарган. Эмил мырза “Мен болгондо Ак үйдүн астына келген мас аялдарды тепкилейт элем” деген сөздү айткан эмес. Менин вариантым өзүмдө сакталуу. Депутаттын сөзү бурмаланган.
Албетте, Токтошевдин жини келгенчелик жаман иш болду. Ким да болсо, айтпаган сөздү айттырганда жаны чыгат да. Гезитке чыккан маек, Токтошев айтты кылган тема коомчулукту дүрбөлөңгө салып, аны сындап жатышат.
Айтайын дегеним, ыңгайсыздык үчун Эмил мырзадан кечирим суроого даяр элем, бирок, мен бурмалаган жокмун, ашыкча сөз кошкон да жокмун. Ошентсе да кечирим сурайм. Ал эми Токтошев бул боюнча сотко кайрылганга акысы бар…

Эмиль Токтошевдин сенсация болуп аткан интервьюсунун видео варианты.

Опубликовано Динар Турдугуловой Четверг, 5 марта 2020 г.

Булак: Багыт