Венецияда көпчүлүктүн көз жоосун алып, туристтерди кызыктырган каналдар соолуп калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, каналдар жаан-чачындын жоктугунан улам соолуп калган. Синоптиктердин билдиргенине ылайык, аталган жерде жакынкы күндөрү жаан жаабайт. Аба ырайынан улам туристтер гондолаларда канал бойлоп сейилдей алышпайт.
Гондола — каналда жүрүүчү ичке кайык.