Домой Аналитика Үч «баатыр»: Кубанычбек Жумалиев, Игорь Чудинов жана Жантөрө Сатыбалдиев

Үч «баатыр»: Кубанычбек Жумалиев, Игорь Чудинов жана Жантөрө Сатыбалдиев

138

“Коррупциянын символдору” качан жоопко тартылышат?!

Жанторо СатыбалдиевКесиптештери Жумалиев менен Чудиновдон кийин, өкмөттү эки жылга жетектеген. Кубанычбек мырза менен тең, классташ. Ага окшоп, Транспорт министрлигин Акаевдин учурунда жетектеп, Ош-Бишкек жолун салдырып, башкалар “май кармаган бармагын жалайт” болушса, Сатыбалдиев  бармагын эле эмес бардык жеринен “тамган” майды жалаганын эл жакшы билет. Айтор, Акаев менен Бакиевдин тушунда далай “майлуу” кызматтардын сазайын берди. Атамбаев бийликке келгенде да, бийликтин бийик сересине чыгып алып, Ош окуясынан кийин дирекцияны жетектеп, миллиарддаган акча сарпталган Ош шаарына талапка анчалык жооп бербеген курулуштарды куруп, бул жердеги уурулук да ачыкка чыгып, айтор абийири бир топ эле төгүлгөн. Бирок, анын түрмөгө кетчү жолу – элдин баарын таң калтырып, өкмөт башчылыкка алып келип салды. Карт карышкырга кой кайтартып койгон бийлик да кызык экен. Сатыбалдиев өкмөттө иштемиш эткени менен, чөнтөгүн кампайтып алып, ысык канга, жылуу этке ныксырап тойгон бөрүгө окшоп, анан да “баарыңар галдирбайсыңар” деп басып кете берди. Кыскасы, бул адам деле кыргызга кыйратып жакшылык кылбаган, түз мааниде айтканда мамлекеттин казынасына катуу сокку ургандыгын эч ким жокко чыгара албайт.

Акырында айтарыбыз, УКМК, ИИМ, Баш прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы дегендер, бул үч экс-премьердин былыктарын качан текшеришип, качан жоопко тартышат?! Уктабагыла, “ууруларды” дагы да кеч болуп кете электе тузакка илгиле!

 

Чудиновго эгер туура баа бере турган болсок – бул адам мамлекеттин бактысына эмес, шоруна жаралган экен. 1988-жылдардан тартып майда кызматтарда иштеп жүрүп, 1994-2005-жылдары бизнес менен алектенет. Анан эле мамлекеттик кызматтан кыпындай да түшүнүгү жок туруп, 2005-жылы төңкөрүштөн кийин Бакиевдер менен коюн-колтук алышып,«Кыргызгаз» ачык акционердик коомунун Башкы директору болот. Ал жерде 2 жыл иштеп, андан Транспорт министри болууга жетишет. 2007-2009 жылдары өкмөт башчы болуп иштейт. Мына ушул 5 жыл ичинде Чудинов арам акча, коррупция, паракорчулук, чыккынчылык, саткынчылык, акмакчылык, душманчылык жыттанган “чудо” иштердин автору болууга жетишип, теңирден тескери иштердин символу болду. Азырынча алардын  айрымдарын гана айталы. 2008-жылы Чудинов Аламүдүн районундагы 262 гектар айыл чарба жерин турак — жай тилкесине айландырып, жең ичинен там салууга уруксат берген. Бул иште Жаныш Бакиевдин да түздөн-түз катыштыгы бар. Бул маселе боюнча азыр ошол жерди сатып алган Самаков тутулуп, Чудинов мандатына таянып Жогорку Кеңеште олтурат. Мындан тышкары, Чудинов өкмөт башчы болгонго чейин жана болгондон кийин да элдин чөнтөгүнөн чогулган акчага Өзбекстандан сатылып келчү газды өзүнүн ортомчу фирмасы аркылуу чоң-чоң ишканаларга сатып акча жасап келгендиги, маселен, ал ушундай жол менен бир жылда 100 миллион куб газды сатып, 25 миллион доллар пайда таап келгендиги айтылып келет. Ага ушунча акча алып келип берчү бир кезде “БЭК” деп аталган жеке фирмасы газ тармагына керектүү техникаларды да кымбат сатып алгандыгы боюнча жалган документ толтуруп чоң пайдага туйтунуп келген. Мисалы, Кытайдан 4,5 миң долларга сатып алынган аппараттардын баасын 13-14 миң доллар деп көрсөтүшкөн. Мындан тышкары, Чудинов премьер болуп турганда көптөгөн жерлерди жең ичинен 49 жылга ижарага берип салган. Айтор, анын ушул сыяктуу иштери абдан көп.

 

Кубанычбек Жумалиев — Аскар Акаевдин эң ишенимдүү кадры, шакирти, аспиранты. 1992-жылдарга чейин илимде өз ордун табууга жан үрөп, кандидат, доктор болууга жетишет, бирок илимде кала бербей, “эл үрксө, эшек кошо үркөт” болуп устаты Акаевдин аркасы менен саясатка “сайгактап” кетип, 1995-жылдын март айында Мамлекеттик секретардын орун басары болот. Анан эле 1 жылдан кийин өкмөттү жетектеп калганда, жалпы эл таң калып, жерге түкүргөн болчу. 1998-жылы Жалал-Абадда губернатор, 2001-жылы Коммуникация министри, 2002-жылы вице-премьер министр болуп иштеген. Мына ушул жылдары “аспирант” чиновник элге ак кызмат кылууну эмес, биринчи маселе катары байлык топтоону максат кылып, “кокустан” мамлекеттин чөнтөгүн өз чөнтөгүнө алмаштырып алган окшобойбу. Буга анын бир топ жыл илимде иштеп жарыбаган айлык алып, анан 8-9 жыл “майлуу” кызматтарда жүрүп, топтогон төмөндөгүдөй эбегейсиз байлыктары эң сонун далил болуп бере алат: ЭВМ заводунун имараты, “Гоин”, “Таатан” соода борборлору, брикет (көмүр) чыгарган ишканалары бар. Ошондой эле Жумалиевге таандык Көк-Жар жаңы конушунда 15тен ашуун турак үйү бар деген маалымат байма-бай айтылып жүрөт. Андан тышкары, Чүйдүн тегерегиндеги бир топ жерлерди туугандарына алып бергендиги да айтылат. “Каркыра” деген кыймыл: “Жумалиев Жалал-Абадда он ишкананы мыйзамсыз менчиктештирип алган” деген маалымат тараткан болчу. Албетте, бул кептер аны каралоо иретинде айтылган эмес. Терең иликтенсе, жетиштүү далилдер калкып чыгары турган иш.

Кубанычбек мырза, бир ирет бул байлыктары тууралуу: “Бүгүнкү күндө алган кредиттеримди эсептесем байлыгым – нөл. Анткени, 2,4 млн. доллар кредит алып, ошону төлөө аракети менен чуркап жүргөн кишимин”, — деп оозу-мурду кыйшайбай айткан. “Уялбагандан өзүң уял” же “уруу тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген сөз айласыз эске түшөт экен. Байлыгы нөл Жумалиев быйыл 60тын астанасын аттап, өзүнөн кийин туура 9 жылдан кийин өкмөт башчы болгон Чудинов менен бирге “Бир Болдон” депутат болуп олтурат. Парламентте андан таза, андан акылдуу киши жок.