“Эркин Кыргызстан” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКга берген тизмесине анын аты-жөнү кошулбаганын өзү жергиликтүү басылмаларынын бирине билдирди:
“Мен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан кеткен эмесмин. Тизмеден алынганымды кечээ эле билдим. Себеби БШКга берилген тизмеде менин аты-жөнүм жок экен. Партиянын 19-августта өткөн курултайында программа бекитилип, тизмеге кирген талапкерлер такталган. Анын чечиминин көчүрмөсү менде бар. Менин чыгып калышыма партия лидери менен ойлорубуздун дал келбей калышы себеп болушу мүмкүн”, – дейт Бакир уулу.
Булак: argument.kg