Домой Саясат Түлеев тымтырс абалда…

Түлеев тымтырс абалда…

70

Өзүнүн эркиндиги үчүн 60 миллион сомдук кыймылсыз мүлкүнөн ажыраган Нариман Түлеев түрмөдөн чыккан алгачкы күндөрүндө укмуштай пиар жасаганын унута элекпиз. Айрыкча Алмазбек Атамбаевдин короосуна кочкулала таштарды тынбай ыргытып бирөөлөргө жагынганын билебиз. Самолетко түшсө деле, ойдо, тоодо жүрсө деле оозунан Атамбаев түшпөй калган. Ошондой тескери ракурсту эңсеген маалымат каражаттарынын жазмакерлери самсаалап анын артынан ээрчип калышканы ширин токочтун амири экенин кантип баамдабай коелу.

Айтор, акыркы айларда айланабыз тым-тырс эле болуп калды. Же тигил “каармандын” камалып калганынанбы, же өзүн суракка чакырып азыркы бийлик жүдөткөнгөбү шаабайы суугандай тынчтык өкүм сүрдү. Эмнеси болсо да Нарикебиз эсен жүрсө болгону. Байлык деген дайыма эле кучак толгон бакыт тартуулай бербейт тура. Андан көрө кырсыктан алыс, эл арасында жүзү жарык жүргөн миң эсе артык!

Булак: Ачык  сөз