Бүгүн, 7-октябрда «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Ыйман Нуру», «Ордо» жана «Реформа» партиялары журналисттерге жыйын өткөрүп, алар түзгөн Элдик координациялык кеңеш өкмөт башчынын ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлүүсүнө каршы экендигин билдиришти.
«Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков Садыр Жапаровдун бул кызматка келүүгө моралдык акысы жок экендигин айтты. «Садыр Жапаров 6-чакырылыштагы депутаттар менен тымызын чогулуп алып, өзүн өкмөт башчылыкка көрсөттү. Булардын өкмөтүнө биз каршыбыз, эл каршы чыгат. Ошондуктан, биз аларга «саясий принциптерди бузуп жатасыңар, токтоткула, элдин аң-сезимин адаштырып, тополоңго алып барууну токтоткула!» деп талап кылдык. Биздин Координациялык кеңеш азыркы өкмөт иштей берсин, коопсуздукту сактап берсин деп сунуш кылып жатабыз«,-дейт Т.Асанбеков.
Эске сала кетсек, 4-октябрда парламенттик шайлоого 16 партия катышып, 4 партия өткөн. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 12 партиянын лидерлери жана тарапкерлери эртеси, 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Түр бир оокумга чейин милиция митингчилердин тирешүүсү болуп, 03.30да Ак үй алынган. Андан кийин УКМК алынып, камакта отурган А.Атамбаев, А.Ибраимов, С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев жана С.Жапаров бошотулган. Кагылышууда жаракат алгандар болуп, 19 жаштагы бала каза болгон.
Дагы бир белгилей кетчү нерсе, 6-октябрда 8 партия өзүнчө Координациялык кеңеш түзгөн. Ага «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров төрага болуп шайланган. Ал эми «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев жана анын, Садыр Жапаровдун тарапташтары «Достук» мейманканасында чогулган 62 депутаттын сессиясына катышкан. Анда жаӊы спикер (Мыктыбек Абдылдаев) премьер-министр (Садыр Жапаров) шайланган. М.Абдылдаев мурдагы спикер Дастан Жумабеков менен премьер-министр Кубатбек Боронов өздөрүнүн арызынын негизинде кызматтан кеткендерин айткан. Был жыйындан кийин Садыр Жапаров КТРКга барып, элге кайрылуу жасаган. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүӊүз:
Эске сала кетсек, Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылы андагы президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен камалган. Тагырагы, УКМК аны 2017-жылдын 25-мартында чет өлкөдөн келген учурда чек арадан тосуп алып кармап кетишкен. 2017-жылы күзүндө атасы каза болуп, ага топурак сала албай калган. Андагы бийлик (Атамбаев) уруксат бербей койгон. Иши сотто каралып, 2018-жылы 11 жыл алты айга кесилген. Былтыр, 2019-жылы Жогорку сот ишин карап, аны 10 жылга эркинен ажыраткан.
булак: alakan.biz