22-июнда алкым азабын тартып жаткан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун соту Биринчи Май райондук сотунда уланды. Отурум тыныгуудан кийин уланып, прокурорлор айыпты расмий тилде окуй баштаганда Текебаев аларды кыргыз тилинде окуусун талап кылды. Чотонов дагы ага үн кошуп, темир тор артында туруп өздөрүн кыргыз тилине күйгөн патриот көрсөткүсү келди. Чамасы булар прокурорлорду өз юристтериндей “киргиз” деп ойлоду окшойт. Бирок, мамлекеттик айыптоочулар айыптоону заматта кыргыз тилине которуп окуй баштады. Кыргызчаны “эжелеп” билген Текебаевдин юристтери болсо оозу ачылган бойдон калды.
can i go to a minute clinic for viagra. “Ата Мекендин” “колу булганган” бул мүчөлөрү мындай кадамы аркылуу элге жакшы көрүнгүсү келгени менен такыр айласы куруганын билдирип койду. Анткени, Текебаевдин башка айласы калган жок. Буга чейин сот отуруму башталганда да Текебаев судьядан жыйынды кыргыз тилинде алып барууну талап кылган эле. Прокурорлор менен судья кыргыз тилинде сүйлөгөнү менен “Ата Мекендин” “киргиз” адвокаттары эне тилинде сүйлөй албай койду. Текебаев алгач өз юристтерине кыргызча үйрөтпөйбү дегендер болду.
Эми бул Текебаевдин такыр айласы куруганда чыгарган оюну. Кыргыз тилине күйгөн адам көрүнгүсү келип, төгүлгөн абийирин жабууга далбастап жатат. Бирок, кыргыз элинин көзү сокур, кулагы керең эмес. Текебаев чечүүчү орундарда турганда бир да жолу кыргыз тил маселесин көтөрбөгөнүн деле баары билет. Керек болсо спикер кезинде кыргызча сүйлөгөндөрдү шылдыңдаганы эч кимдин эсинен кете элек. Эми болсо эки жүздүүлүгүн ушул жерден да көрсөтүп, калп эле эне тилге күйгөндөй түр көрсөтүүдө. Мындай жармач патриоттор эне тилден айланабы?!