Бул жашоодо адам баласы кооздукту көрүп, ага суктанат, ырахат алат эмеспи . Кооздуктун эң жакшысы, эң тазасы Жараткан аркылуу гана жасалат.
Ал эми, адам өзү жашаган чөйрөнү кооздогонго караганда көбүрөөк талкалап, булгап турат экен. Жөнөкөй эле мисал, колдон келген иш баскан-турган жерибизге, эс алууга көл, токойго барганда айлана-тегеректи тазалап кетүүгө мойнубуз жар бербейт. Бирок, биз бүгүн экология жөнүндө сөз кылбастан, таштанды жана таштанды төгүүчү жай жөнүндө жазалы дедик.
Кыргызстанда кыйратып тазарып калган деле шаарларыбыз жок. Мейли борбор калааны, мейли башка шаарларды албайлы, бир жерде болбосо бир жерден “чакчелекей жашоону” көрөсүң. Кай бир убакта таштанды таштоочу челектердин оозу-мурдунан чыкканча толуп, айлана-тегереги чачылып жатканы да ырас. Аны селсаяктар да, жолбун иттер да аңтарып- теңтерип жүргөн болот. Ал эми шамал аралап өткөндө полиэтилен баштыктар бактардын башына илинип, жаңы жыл майрамындагы балатыга окшоп калары да чын. Полиэтилен баштыгы калыңдыгына жараша 500 жылга чейин бузулбай сакталса, желим бөтөлкөлөр кылым жашайт деген пикирлер бар. Анан бул көйгөй кандайча чечилиши керек деп ойлобой коө албайсың.
Албетте, тазалыкты, таштандынын “бейбаш жашоосун” бир ыкка салуу үчүн бул боюнча иш жүргүзгөн ишканалардын аракетинен сырткары да ар кимибиз өзүбүз аркабызды тазалаганды үйрөнүшүбүз зарыл. Анан да учурда бизге таштандыларды кайра иштетүүчү ишканалар зарыл болуп турат.
Биз Каракол шаарынын таштанды төгүүчү жайына барып, андагы “жашоо” менен таанышууну максат кылдык. Каргалар мекендеген жайда туруп, адам баласы чын эле жаратылышты булгаган машина экенине ишенесиң. Ушунча көп акыр-чикирди биз- адамдар чыгарабыз.
Бул жерде биз таштандыларды түздөп жүргөн машинаны байкадык. Анан да, таштандыны аралай, бир нерселерди издеп жаткан адамдарды көрдүк. Ал жөнүндө Каракол шаардык таштанды төгүүчү жайды көзөмөлдөөчү Алмаз Орозакунов маалымат берди. Ал 7 жылдан бери таштандыдан пайда таап, башкаларды да иш менен камсыз кылып, бул жердеги өрт коопсуздугун карап, таштанды ташуучу машиналардын келип-кетишин көзөмөлдөйт экен. Алмаз байке мында таштандыдан дагы пайда таап келет. Ал бул жерде кыш мезгилинде айына 6-7 тоннага чейин желим бөтөлкө, 15 тонна айнек бөтөлкө чыгаарын айтат. Ал эми жай айларында желим бөтөлкөлөр көбөйүп, 12-13 тоннага чейин жетет экен.
“Полетилен баштыктарды килограммын 20 сом, анын жөнөкөйлөрүн 14 сомдон, чака, идиш жууган каражаттардын идиштерин 4-5 сомдон, желим бөтөлкөнү 3 сом 50 тыйындан, айнек бөтөлкөнү 1сомдон алып, Бишкекке өткөрөм. Желим бөтөлкөдөн Өзбекстан жип чыгарат экен. Ал эми чака-чукадан жашылча-жемиш салган яшиктер Бишкекте жасалат. Айнек бутылкалар Карабалтада кайрадан айнек бутылкага айланат”, — дейт Алмаз байке.
Орто эсеп менен айына 16-17 миң сомдун тегерегинде пайда тапкан ал мында иштеген 6 адам андан көбүрөөк табышы мүмкүндүгүн билдирди. Себеби, алар таштандыдагы капуста, картошка өңдүү жашылчаларды чочко баккандарга өткөрүп, резиналарды, эски бут кийимдерди мончо жаккандарга сатып, дагы башка металлдарды да тапшырышат. Кай бир учурда мында баалуу буюмдар да чыгып калары ажеп эмес. А негизи алар таштандыны чогултканына жараша акы алышат. Бир киши бир күндө болбоду дегенде эле 200 сом, болбосо, 1000 сомго чейин табышат экен.
Каракол шаарынын таштандысын төгүүчү жай 5,2 гектар жерди ээлейт. Ал Ак-Суу районунун территориясында жайгашкандыктан, шаардык мэрия бул жер үчүн “Тазалык” ишканасы аркылуу аталган районго жылына 390 миң сом төлөйт. Облустагы эң таза деп эсептелген бул таштанды төгүүчү жай улам топурак менен көмүлүп турат, азырынча мында таштанды иштетүүчү заводдун курулушу эртелик кылат. Анткени, анын иштеши үчүн айына жок дегенде 40 тонна желим бөтөлкө чыгышы керек. Ошентип, көлдө ишкана курулгуча таштандыны таштап салбай, аны сорттоп, Бишкекке жөнөтүү ишин уюштуруп жаткан Алмаз Орозакуновго ыразы болгондон башка сөз айта албайбыз.
Кытайлар желим бөтөлкөнү эритип, кадимки биз кийип жүргөн көйнөк, шымдарды, ар кандай сапаттуу кездемелерди, килем-паластарды, чатырга ылайыктуу катуу материалдарды жасашат экен. Бизде андай жетишкен техникалар жок болсо да, Бишкектин чет жакаларында желим бөтөлкө, арак-шараптын идиштери, алардын капкактары, айнек сыныктары, пластмассалардын жарабаган калдыктары, дээрлик күнүмдүк тиричиликте колдонуудан чыккан баардык таштанды деп эсептелген нерселерди кайра иштетүү жолго коюла баштаптыр.
Кыргызстанда полиэтилен баштыктарды чыгарууга жана колдонууга тыюу салуу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан маселе көтөрүлгөнү менен, чирибеген мындай баштыктарды алмаштыра турган кагаз баштыктардын баасы кымбат болууда. Андыктан, азырынча желим бөтөлкөлөрдү, башка нерселерди чогултуп, бир баштыкка салып кой да, таштанды ташуучу машина келгенде берип жибер. Себеби, ал деген биздин мекендештерибизге акча болуп берет. Анан да,андан кайра иштетилип жасалган буюм-тайымдар эртең бизге керек болуп калышы мүмкүн.
Биз таштанды төгүүчү жай жөнүндө маалымат алуу үчүн Каракол шаарындагы «Тазалык» ишканасынын жетекчисинин орун басары Алмаз Абдыкеевге жолуктук. Анын айтуусунда, жакында бул жайдын айланасы бийиктиги 6 метр болгон тор тосмо менен тосулат. “Бул кадам акыр-чикирлердин чачылбоосу үчүн жасалууда. Долбоордун бюджети 1,2 миллион сомго бааланды. Ал АБР долбоору менен жасалат. Андан сырткары, мында жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен тараза коюлат. Ал коюлса, таштанды ташыган машиналар таштандынын салмагына жараша акча алса, анда шаардагы таштандылардын чыгышына көбүрөөк аракет башталат. Буга партнөрлорду тартып, бул ыкманы бир райондо иштетип көрүү жагы каралууда. Бул жерди 2007-жылдан бери колдонуп келебиз. Таштанды төгүүчү жай жалпы 5, 2 жер деген менен, учурда анын бир гектарын колдонуп жатабыз. Буюрса, жакында биздин ишканага эки бульдөзор келгени турат. Андан сырткары, АБРден 5 техника алганы турабыз”,- дейт жетекчи.
Учурда шаардык “Тазалыкта” 9 таштанды ташуучу машиналар иштеп жатат. Алар 7 кубдан 18 кубга чейин жүк ташыйт экен. Эртеден кечке иштеген кызматкерлердин айлык акысы деле төмөн. Ишканада кыш мезгилинде 74 адам иштесе, жайында алардын саны 100 гө жакындап барат.
Жумагүл Барктабасова