Домой Саясат Сузак районунун ардагери Казыбек Абдыкалыков: Бир да талапкер Сооронбай Жээнбековдой айыл чарбасын...

Сузак районунун ардагери Казыбек Абдыкалыков: Бир да талапкер Сооронбай Жээнбековдой айыл чарбасын билбейт

76

erexin spray reviews. I28A3312

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн айыл чарбасын жаңы тепкичке көтөрөт. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ардагери Казыбек Абдыкалыков Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун сузактыктар менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Биздин талапкер узак мезгил айыл чарба тармагында иштеген жана анын көйгөйлөрүн жакындан билет. Эгерде ал президент болуп калса, биздин айыл чарбабыз жаңы дем менен өркүндөмөк, анткени аймактардын негизги ишмердиги — бул дыйканчылык эмеспи. Ал эми белгилүү болгондой, айыл өнүксө — мамлекет да өнүгөт, анын аркасы менен экономикабыз, билим берүүбүз, маданият сыяктуу бардык тармактар өркүндөп-өсмөк. Сузактыктарды жана бардык кыргызстандыктарды күнү-түнү өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштей турган Сооронбай Жээнбеков үчүн добуш берүүгө чакырам», — деп белгиледи Казыбек Абдыкалыков.

Даярдоочу: «Айбат Аймак»Токтогул көчөсү 196

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 22.09.2017 ж.