Домой Ден-соолук Сузак районунда тойдон кийин 124 адам ууланды

Сузак районунда тойдон кийин 124 адам ууланды

10

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тойдон кийин массалык уулануу катталды. Маалыматка караганда, жалпы 124 адам ооруканага кайрылып 16сы жаткырылды. Ал эми калганына тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Бул туурасында Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

«Этти 9-октябрда бышырып, даярдашкан. Эртеси күнү той өткөн. Меймандарга эт жана палоо берилген. Учурда уулануу эмнеден болгонун аныктоо боюнча лаборатордук экспертиза жүргүзүлүп жатат. Тиешелүү үлгүлөр алынган», — дешти мекемеден.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сүннөт той өтүп, андан кийин Бек-Абад айылынын 60 тургуну аймактык ооруканага барышкаы кабарланган. Алардын ичинен бешөө алдын ала коюлган уулануу диагнозу менен ооруканага жаткырылганы айтылган.