Домой Шайлоо 2020 Шайлоо — 2020: «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жеенчороев: «Мамлекеттин келечегине...

Шайлоо — 2020: «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жеенчороев: «Мамлекеттин келечегине балта чабууга жол бербейли! «

366

Келе жаткан парламенттик шайлоодо кыргызстандыктар добушун  татыктуу партияга бериши  керек. Бүгүн айрым  партиялар  элден уурдаган акчасын чачып, чоң кызматтарга жулунуп жатышат. Бул тууралуу Нарын шаарынын тургундары менен өткөн жолугушууда «Республика» партиясынын лидери  Мирлан Жеенчороев билдирди.

Анын айтымында, ууру-кески, коррупционер, кылмыштуу топтор бийликтин этегине жүгүнүп, кошомат кылуу менен  партиядан партияга секирип, ар кандай жолдор менен Жогорку Кеңешке өтүп кетүүгө аракеттенип жатышат.

«Алардын уурдаган акчалары – бул биздин  салынбаган мектептер, бала бакчалар, оңдолбогон жолдор. Алар мамлекеттин келечегине балта чапкан  душмандар!», — деди партиянын лидери.

Мирлан Жеенчороев алардын ордуна мамлекеттин өнүгүшүнө жан үрөп иштей  турган кесипкөй, ыплас иштерге аралашпаган таза, өлкөдөгү абалды  өзгөрткөнгө  дарамети, билими жеткен татыктуу командага добуш берүүгө чакырды:

“Биз, реформаторлор командасы өлкөнү өзгөртөбүз, анткени,  бизде баардык тармактардын иш билги  адистери бар. Криминал, бандиттерге, контрабандистерге жол бербейли! Арзыбаган арам акчага сатылбайлы!»

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН  01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.