Домой Саясат Шаардык сот Равшан Жээнбековго карата чечимди өзгөрткөн жок (видео)

Шаардык сот Равшан Жээнбековго карата чечимди өзгөрткөн жок (видео)

72

Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртпөй, Равшан Жээнбеков 9-февралга чейин камакта калды. Чечим 26-декабрда чыкты.

Саясатчынын адвокаты Замир Жоошев бул чечимди негизсиз жана мыйзамсыз деп атады.

Равшан Жээнбеков өзүнө коюлган күнөөнү мойнуна албай турганын, бул бийликтин буюртмасы менен ишке ашып жаткан кармоо экенин айтты.

Равшан Жээнбековду 12-декабрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) кармаган. Ага Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда буга дагы бир берене 309-берене (“Бийликти күч менен басып алуу”) кошулганы кабарланды.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакыртылган. Анын тарапкерлери Жээнбеков Кой-Ташта мыйзам бузбай, арачы болуп жүргөнүн белгилешүүдө.

Булак: Азаттык