Домой Саясат Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кыргызстандыктар кармалды

Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кыргызстандыктар кармалды

48

Ишкер Айеркен Саймаити Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин короосунда отурган жеринен атып өлтүрүлгөн.

Стамбул шаарында ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалды. Алардын экөө Кыргызстандын, бирөө Сириянын жараны экенин Sondakika басылмасы Anadolu агенттигине шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, шектүүлөр Түркиядан Сирияга чыгып кетүүгө аракет кылган маалда Адана аймагынан кармалган. Ал жакта жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында кыргызстандык Хусейин Ахматалиев, Абдуллах Энвер жана сириялык Али Исбех кармалган.

Сурак учурунда алар Айеркен Саймаитини Кыргызстандагы аласа-бересе маселелеринен улам өлтүрүшкөнүн айтышкан.

Учурда шектүүлөр Аданадан Стамбулга алынып келе жатат.

Белгилей кетсек, ишкер Айеркен Саймаити Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин короосунда отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, ишкерди эки киши артынан машина менен акмалап келип атып, андан кийин ошол эле автоунаа менен из жашырган. Ишкер дароо ооруканага жеткирилгени менен өзүнө келбей каза болгон.Окуя болгон аймактан алыс эмес жерде токтоп турган консулдукка таандык 34 CC 2092 номерлүү Range Rover үлгүсүндөгү автоунааны укук коргоо органдары алып кеткен. Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, консулдук номер жасалма болуп чыккан.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары бул автоунаа Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугуна тийиштиги бар экенин жазып чыгышкан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги болсо машинага тагылган номер кимге таандык экени такталып жатканын маалымдаган.

Булак: Спутник