Домой Саясат Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарова кармалды

Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарова кармалды

139

Эл аралык издөөдө жүргөн Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарова Польшадан кармалганын ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын малыматы боюнча Жапарова Райкүл Нуркожоевна Бишкек шаарынын Октябрь райондук жана Бишкек шаардык соттору тарабынан сырттан чечим чыгарылып 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 30-183-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу), 166-беренеси (алдамчылык) менен 221-беренесинде (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) көрсөтүлгөн кылмыштарга күнөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Райкуль Жапаровага эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Интерполдун маалыматы боюнча, Р. Жапарова 2020-жылдын 22-майында Польшанын аймагынан кармалган. Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Р. Жапарованы Кыргыз Республикасына экстрадициялоо маселелери чечилип жатат.

Булак: Барс