Домой Саясат Садык Шер-Нияз Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана ЮНЕСКОнун өкүлү болуп дайындалды

Садык Шер-Нияз Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана ЮНЕСКОнун өкүлү болуп дайындалды

42

Кечээ, 24-июнда, Президент Садыр Жапаров Садык Шер-Ниязды Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана БУУнун Билим берүү, илим жана маданият боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) алдындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү кылып дайындады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Садык Шер-Нияз — белгилүү коомдук ишмер жана кинорежиссер. Ал парламенттин алтынчы чакырылышынын мурдагы депутаты. Ал ошондой эле 2021-жылы президенттикке талапкер болгон. Бирок президенттик шайлоого чейин, 30-ноябрда ал башка талапкер — Садыр Жапаровдун пайдасына шайлоого катышуудан баш тарткан.