Домой Аналитика Саат 16:00. Жергиликтүү кеңештерге жана референдумга добуш берүү 25%га чукулдады

Саат 16:00. Жергиликтүү кеңештерге жана референдумга добуш берүү 25%га чукулдады

52

Жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана референдумга катышкандардын саны 25 пайызга чукулдады. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов саат 16:00гө карата берген маалыматында билдирди.

Анын айтымында, референдумга 888 331 киши добуш берген, бул жалпы шайлоочулардын 24,63 пайызын түзөт. Жаңы Конституция боюнча пикирин билдирүүдө Ош шаарынын тургундары эртеден бери активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Учурда катышкандардын саны 32,72 пайызды түздү. Бишкек шаары дагы деле эң төмөнкү көрсөткүч (20,40 пайыз) менен баратат.

Ал эми жергиликтүү кеңештин депутаттарын тандоого 856 404 шайлоочу келген, бул жалпы шайлоочулардын 25,81 пайызы.

Мыйзам боюнча шайлоочулардын 30 пайызы катышканда гана референдум өттү деп таанылат.

Эскерте кетсек, 28 шаардык кеңештин шайлоосуна 59 партия катышууда. 420 айылдык кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлердин жалпы саны 18 772ге жетет.