Домой Экономика «Ош электронун» жетекчиси жегичпи?

«Ош электронун» жетекчиси жегичпи?

218

Даминов

Энергетика тармагы эчактан бери коррупцияга батып, жетчү жегине жетип калганы эч кимге жашыруун эмес. Бул тармакта жооптуу, чоң кызматта иштеген адамдардын басымдуу бөлүгү чириген бай экени да талашсыз. Мына ошондой жооптуу кызматта иштеген, бай адамдардын бири “Ош электро” ачык акционердик коомунун жетекчиси Даминов Дыйканбай. Бул адам  “Ош электрону” 2013-жылдан бери жетектеп келатат. Бай экенин далилдеп, каражатты сапырып, 2015-жылы КСДП менен парламенттик шайлоого катышкан. Бирок тизмеде 80ден нары болгондуктан, депутаттыкка жетпесе да, өз ордун сактап калууга, сактап эле эмес бекемдеп алууга жетишкен. Бул адам “Ош электрону” кандай ыкма менен башкарат? Бул суроого жооп издеп көрөлүчү.  Беш жылдык ишмердүүлүгү кандай? Аны жакшы билгендер  “Ош электронун” иш планын ар кандай “итчилик” жолдор менен толтурууга өтө уста дешет.  Ар бир айдын жоготууларын жабыш үчүн жалган маалыматтарды топтоону өнөкөткө айлантып алышкан.  Андай  жоготууларды “Теплоснабжения” менен  “Горводканал” мекемелери менен жапкан учурлары болгондугу айтылууда.  Маселен,  2016-жылдын  декабрь айындагы жоготууларды жабыш үчүн жогоруда аттары аталган мекемелерге 19  млн. киловатт ( акчасы 48 млн. 260 миң сом) электр энергияны сатты деген жасалма иш-кагаздарды жазышканбы? Ал эми  жетекчилик контролёр, инспекторлордон ай сайын 1500-2000 сомго чейин чогултат экен. Айына чогулган акчанын көлөмү  250-300 миң сомго чейин жетет. Ошол чогулган акчаны жогоруда аттары аталган ишканаларга бере турганы айтылат.  Дагы бир мисал: “Ош электронун” чоң кардарларанын бири “Хун-да” ЖЧКсы.  “Ош электро” бул ишканага бир күндө 800 киловатт берилет экен. Бул кытай ишканасынын иш убакытсы  бир суткада 20 саатка созулат. Иш жүзүндө кытайлардын бул ишканасы бир суткада 800 эмес, 1600 киловатт (ишканага  электр энегия 2 сом  54 тыйындан берилет)сарптайт  экен. Натыйжада “Ош электро” иш жүзүндө сарпталган электр энергиянын жарымын жашырып жатканы чынбы? Бир айда 1 миллион 200 миң сом төлөш керек болсо,   иш жүзүндө болгону  50 миңден 100 миң сомго чейин төлөп жатканын билгендер айтып келишет. Дагы бир кызыгы,  бул кытай ишканасынын электр эсептегичтери тез-тез эле алмашып турат экен. Иттин өлүгү мына ушул жерде жаткан жокпу? Бул перепискаларды “Ош электронун” электр энергияны реализация кылуу бөлүмүнүн башчысы Байсалов Улукбек көзөмөлдөйт. Бул Улукбектин да ар кандай “улуу иштери” бар экен. Аны  кеп кезеги келгенде айтаарбыз.

2017-жылы  “Ош электро” Чоӊ-Алай районундагы Даарот –Коргон аймагынын Жар-Баш айылына 12 миллион сомго жогорку чыңалуудагы электр энергиясы курулду  деген маалымат таратышкан. Ал маалыматта  ал ишке королду деген 12 миллион сом   “Бишкек электро” ишканасынан которулгандыгы айтылат. Бирок иш жүзүндө “Бишкек электро” ишканасы Чоӊ- Алайда андай иш жасабагандыгы кеп болууда. Ошондой  эле 12 миллион сомдун башын жуткан бул долбоордун  ТЭОсу да жок, тендер да өткөрүлбөстөн, кандайдыр бир сыйкырдуу “жолдор” менен жең ичинде эле бүтүп калгандыгы боюнча да маалыматтар  калкып чыгып жатыптыр.

Мындан тышкары, “Ош электро” 2017-жылдын апрель айында Өзгөн районунда болгон жер көчкүнүн кесепеттерин жоюуга жардам катары 30 миллион сомдон ашуун каражат которуу маселесинде да мыйзамсыз аракеттерди ишке ашырганбы? Айтор, Дыйканбай Даминовдун ушул өңдүү суроо жараткан ар кандай былыктарын тизмектеп олтурсак, ого эле көп болуп кетчүдөй экен. Деги, жогорку бийлик, коррупция менен күрөшүп жатабыз деген укук коргоочулар  “Ош электронун” ишмердүүлүгүнө  тыкыр көз салып коюшса болбойбу. Же Даминов бийликке таасири өткөн чоң “фигурабы”?

PS: Бул маалыматтар: «Ракурс кг» «Чындык кг» сайттарынан алынды