Домой Коом Орусияда жол кырсыгынан төрт кыргызстандык каза тапты

Орусияда жол кырсыгынан төрт кыргызстандык каза тапты

12

Орусияда жол кырсыгынан төрт кыргыз жараны каза болду. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Оренбургдагы ардактуу консулу Таалайбек Жандар уулу тастыктады.

Анын айтымында, дагы үч кыргызстандык азыр реанимацияда жатат.

Орусиянын маалымат каражаттары кабарлагандай, окуя бүгүн 8-декабрда эртең менен Оренбург облусундагы Акбулак кыштагы менен Оренбург шаарынын ортосундагы трассада болгон.

«Мерседес» минивэни жана “Форд Транзит» автомашинасы сүзүшө кеткен.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет жакта мигрант болуп жүрөт. Алардын көбү Орусияда. Орус жарандыгын алган 500 миңдей кыргызстандык бар.