Октябрь РИИБдин башчысы Уланбек Аалиев кармалды. Бул маалыматты Башкы прокуратура жергиликтүү басылмалардын бирине тастыктады.
Аны менен бирге Октябрь РИИБдин тергөөчүсү, Ленин РИИБдин жетекчисинин тергөө иштери боюнча орун басары Талгат Куватбеков кармалган.
Колго түшүрүү иштерин 21-октябрда Аскер прокуратурасынын кызматкерлери жүргүзгөнү белгилүү болду. Азырынча алар кайсы иш менен кармалганы расмий маалымдала элек.
Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, ири суммадагы алдамчылык беренеси менен козголгон Асыл Талипованын иши менен байланыштуу. Тергөөнүн маалыматы боюнча, шектүүнү кармоодо укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган.