Кечээ 3-сентябрда БШК “Бүтүн Кыргызстандын” тизмесин каттоодон баш тарткан. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова аталган партияны эмне үчүн четтеткени туурасында:
«- Айтайын дегеним, мыйзамга ылайык, БШК партиянын тапшырган документтерин 10 күндүн ичинде карайт. Жыйынтыгында БШК каттоодон өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат. Кароонун жыйынтыгында БШК талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды. Башкача айтканда, чечимди БШК кабыл алышы керек. Жумушчу топ бир күн мурун Турсунбай Бакир уулунун тизмени съездде бекиткенден кийин өзгөртүлгөнүн айткан арызын карады. Бул жүйөлөр каралды, бирок бул жүйөлөрдү тактоо үчүн биз партиянын расмий документтерин сурадык, партия өзү видео жазууну берди. Видеонун негизинде чындыгында шайлоочулардын тизмесинде айырмачылык бар экени аныкталды», – деди.
Бүгүн, 4-сентябрда маалымат жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров жогорудагы окуя боюнча партия сотко кайрыларын билдирди.