foreign pharmacy price for atorvastatin.
16-октябрда Таласта Өмүрбек Бабановду колдогон митингчилер губернаторго “Манас” эпосундагы үзүндүнү окутпай ызы-чуу салган эле. Мындай аракетти сындаган президент Алмазбек Атамбаев айрым Абыке-Көбөштүн тукумдары баш көтөрүп жатканын билдирген. Эми президенттин бул сөзүн жалпы таластыктарга багыттаган айрымдар бүтүндөй бир облустун элин көкүтүүдө. Мындай бурмалоого чара көрүлүшү керекпи?
Президент Кыргызстандын жүзү жана аны бир жаран, ким болбосун улуттук атрибуттар сыяктуу сыйлашы керек. Атамбаевдин буга чейин Нарында сүйлөгөн сөзү да монтаждалып, ошол эле Талас облусунун тургундарына каршы коюлган. Ал эми жакында айткан кеби дагы экинчи ирет бурмаланууда. Бул көрүнүш социалдык тармактарда көбүрөөк байкалды.
Ушундай жолго баргандарга кандай чара көрүлүшү керек?
Бул боюнча тиешелүү органдар иштесе болот. Алгач Нарында сүйлөгөн сөзүнөн башташ керек. Аны да кескилеп туруп “Талас эли эл эмес” деп бурмалаган. Чындыгында президент бул кепти “Манас” эпосундагы үзүндүнөн келтирип айткан, сөзүнүн мааниси такыр башка болгон. Азыр техниканын өнүккөн заманы. Президенттин сөзүн монтаждап жаткандан кийин жөнөкөй жарандарды жөн эле коёлу. Ошондуктан мындай аракеттерге сөзсүз укуктук баа берилиши керек.