Домой Коом «Нарын» ресторанынын ордуна 23 кабаттуу мейманкана курулат

«Нарын» ресторанынын ордуна 23 кабаттуу мейманкана курулат

53

1010c498a2cf77020772b76d81aa2913_500_0_0

Бишкек шаардык архитектура кызматынын шаар куруу боюнча кеңеши жыйында «Хуалинь» («Нарын») мейманканасынын долбоорун карайт, деп айтылат муниципалдык ишкананын материалдарында. Курулуш үчүн каралган жер тилке мурунку «Нарын» рестораны жайгашкан Ибраимов көчөсүнүн №224 дарегинде жайгашкан.  Жер тилкенин жалпы аянты 0,52 гектарды түзүп, турак жай эмес имарат үчүн 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилген. «Нарын» ресторанынын имаратына тиешелүү жашылдандыруу жана меймандар үчүн автопарктын аянты 0,728 гектарга жетип, 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Бишкек шаардык мэриясынын 2016-жылдын 25-октябрындагы токтому менен мурунку «Нарын» ресторанынын имараты жараксыз деп табылган. Ал эми, «De He Co LTD» ЖЧКсы «Нарын» ЖААК менен биргеликте бул аймакка «Хуалинь» мейманканасынын имаратын курууну сунуштайт. Маалыматтар боюнча курулуштун аянты 69640 чарчы метр, унаалар токточуу жайда 68 орун, жер алдындагы унаалар токтоочу жайда 79 орун болот. Имарат жалпы 23 кабаттан турат. Анын ичинен 20 кабаты жер үстүндө, 3 кабаты жер алдында болот. Булак:Turmush.kg roxithromycin buy online.