Москвада эки кыргыз жараны коронавирус оорусунан каза тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.
Элчилик Москва өкмөтүнүн Саламаттыкты сактоо департаментине шилтеме жасап, Россияда Кыргызстандын жарандарынын арасында 100дөн ашык COVID-19 инфекциясы катталганын билдирди. Элчилик аларга изоляцияда болушу үчүн батирлерди ижарага алып берген.
Белгилей кетсек, Москвада коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын оорусу жеңил болсо, алар ооруканага жаткырылбайт. Дары-дармек жазылып, үйдөн дарыланышат. Дарыгерлер телефон аркылуу чалып, абалын текшерип турушат.
Белгилүү болгондой, Москвада 18-майда коронавирусту жуктургандардын саны 146 миңден ашты. 28 миңден ашыгы айыгып, 1580 адам каза тапты.