Домой Эне тил Мазаны кетирген эрден кач…

Мазаны кетирген эрден кач…

375

«Сөз дайра» рубрикасында бүгүн арман, аруу, маза, маңыз, мата жана маш деген сөздөрдүн маанисин чечмелейбиз.

* * *

“Арман” деген сөздүн маанисин чечмелейли. Иран тилинен кирген “арман” деген сөз “эңсеген кыял”, “ишке ашпай калган каалоо”, “жетпей калган ой-тилек” дегенди билдирет. “Армандуу дүйнө” деп коет. “Армандуу ыр экен” дейт. “Чыкем дүйнөдөн армансыз өттү” дейт. “Бейиштин төрүндөй жерде жашап жүргөн кыргызда арман жок” дейт.

* * *

“Аруу” деген сөздүн эки бөлөк мааниси бар. Аруу — таза дегенди билдирет. Аруулап жуугула -таза жуугула дегени. “Келген жериңден кеткен жериң таза болсун” дейт. «Аруу кыз» — таза кыз эле дегени. «Аруу буюм» — кымбат буюм, аялуу буюм дегенди билдирет.

Аруунун экинчи мааниси — талма дегенди же ылдам кармай калып кайра тарап кете турган оорунун атын да билдирет.

* * *

“Маза” деген сөз бар. “Тамактын мазасы жок» — тамактын даамы жок дегенди түшүндүрөт. «Эшматтын окуусунун мазасы жок» — Эшматтын окуусу начар, «Эрим мазамды кетирип бүттү» — эрим жашоо бербей койду, «Мазамды кетирди» — айламды алты кетирди дегенди түшүндүрөт.

* * *

“Маңыз” деген сөздү чечмелеп көрөлү. Биринчи мааниси — мазмуну, мааниси деген мааниде. Мисалы, сөзүнүн маңызы жок экен дейт, ал — сөзүнүн маани-маңызы жок дегени. “Чөптү маалында чаап албаса маңызы кетет” дейт.

Экинчи мааниси, маңыз — тайыз, майда кишилерге берилген сыпаттама. “Мээни ачыта бергенди жакшы көргөн маңыз адам” дейт. “Акмак кылат башыңды, айтышпа маңыз менен” дейт. “Намыстан качпа, маңыздан кач?” дейт.

* * *

“Мата” деген сөздүн да эки мааниси бар. Биринчи — мата. Пахтадан токулган кездемени мата деп коет. Мындан улам: “Макал атасы — сөз, мата атасы — бөз” деген бар.

* * *

“Мата” сөзүнүн экинчи мааниси, «Кереге мата — керегени ий» дегенди, «Уукту мата» десе, “Боз үйдүн уугун ий» дегенди түшүндүрөт.

* * *

“Төөнү матады” десе, төөнү чөгөрүп, туруп кетпесин деп, моюнундагы жип менен эки бутун таңып таштаганды айтат.

* * *

“Он алты айры бугу отуздай маралды матап алыптыр” дейт.

* * *

“Сен эмнеге эле мени матап калгансың?” дейт.

* * *

“Чалдар маталып басып келатты” дейт. Эңкейип басып келаткандагысын айтканы.

* * *

“Маш” деген сөздүн да бир канча мааниси айтылат. Маш — маш буурчак.

* * *

«Бардык ишке маш экен — бардык ишке жөндөмдүү, «Сөздү машына келтирип айтты” дейт. “Машын келтирип оку — маанисине келтирип, көркөм оку” дегени.

Дагы бир мааниси, “Бири-бирине маш экен” дейт. “Бири-бирине тең экен” дегени. “Ал эч качан маш бербейт” дейт.

Шайлообек Дүйшеев,
“Азаттык”