Домой Коом Матраимов уулун үйлөп, Sheraton отелинде белгилүү жылдыздардын коштоосунда той берди

Матраимов уулун үйлөп, Sheraton отелинде белгилүү жылдыздардын коштоосунда той берди

91

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов уулун үйлөдү. Бул тууралуу Kaktus.media кабарлады.

Маалыматка ылайык, Матраимов  уулу Бакай Хабибулла Абдукадырдын кызы менен баш кошкон. Жаш түгөйлөрдүн тою Бишкектеги Sheraton отелинде өткөн.

Маалым болгондой тойго бир катар саясатчылар чакырылган, коноктордун басымдуу бөлүгүн бажычылар түзгөндүгү айтылат. Андан тышкары Кайрат Нуртас, Группа «Город312», «Ялла» сыяктуу белгилүү жылдыздар да катышкан.

Той жашыруун өткөндүгүнө байланыштуу, айрым конокторго уюлдук телефон жана башка техникалык каражаттарды алып кирүүгө тыюу салынган.