Домой Саясат Марат КАЗАКПАЕВ, саясат таануучу: “Президент өкмөткө кийлигише албайт, “Бабанов — президент, Төрөбаев...

Марат КАЗАКПАЕВ, саясат таануучу: “Президент өкмөткө кийлигише албайт, “Бабанов — президент, Төрөбаев премьер-министр” дегени – популизм”

50

           1475119872_marat-kazakpaev generic finasteride for sale.

“Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен «Республика — Ата Журт» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоодо бир тандемге биригишкенин жарыялашты. Бул бирикме узакка бара алабы?

—   Негизи шайлоодо саясатчылардын бириккени туура. Аларды биз колдошубуз керек. Бирок, биздин саясатчылар бирикпей жатып амбицияларынын айынан кайра чачырап кетип жатпайбы. Буга чейин Бакыт Төрөбаев, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер менен чыга турганын жарыялаган. Бирок, анын өтөѳсүнө чыгышкан жок. Андыктан Төрөбаев-Бабанов тандеминин алыска барышына көзүм жетпей турат.

—   Бул саясатчылар “Бабанов — президент, Төрөбаев премьер-министр” деген ураан менен чыгып жатат. Ушул максатына кантип жетет?

—  Конституция боюнча президенттин өкмөттү шайлаганга укугу жок. Мамлекет башчысы ага кийлигише албайт. Учурда Жогорку Кеңеш шайлаган өкмөт ийгиликтүү иштөөдө. Жакында алар “Кумтөрдүн” экологиялык маселесин чечти. Бул жаңы министрлер кабинетинин ийгилиги десек болот. Ал эми Бабанов президент болуп калган күндө деле өкмөттүн ишине кийлигише албайт.“Бабанов — президент, Төрөбаев премьер-министр” дегени популизм болуп калды окшойт. Алгач анын механизмдерин көрсөтсө болмок. Ошентсе да буга эң ири фракция болгон КСДП жол бербейт. Бабановдун да, Төрөбаевдин да фракциялары оппозицияда.