1. Кандуу Апрель окуясында мамлекеттин жаркын келечеги үчүн баатырларча курман болгондордун үй-бүлөлөрү катары өлкөбүздө болуп жаткан саясий кырдаал боюнча өз ой-пикирибизди билдирүүнү туура көрдүк.
Каргашалуу 7-апрель окуясына быйыл 9 жылдын жүзү болду. Ал күндү эстеп жүрөгүбүз дагы эле канап турат, себеби, биздин жакындарыбыздын укугу жексур бийлик тарабынан тебеленип, өмүрлөрү мылтыктын огунан кыйылды. Мындай оор жоготууну, ченемсиз кайгыны душманыбызга да каалабайбыз.
Ушул тогуз жылдан бери биз тирүүлөй тозокко түшкөндөй жашап келатабыз. Күйүттүн азабынан ар түрдүү ооруларга кабылып, Апрель окуясында курман болгон жарандарыбыздын жакын туугандарынан да каза болушту. Кээ бир балдар атасынан ажыраганы аз келгенсип, кийин апасынан да ажырашты. Бул окуя эч качан кайталанбасын деп дайыма тилейбиз.
Мындай үрөйдү учурган элдин каны, жаны менен эсептешкен окуялар болгонунун себеби-бийлик адамдары басып өткөн жолунан, тарыхтан сабак албаганында.
Акыркы 5 жыл аралыгында мамлекетибизде стабилдүүлүк орноп, өсүп өнүгүү жолуна түшсөк бүгүнкү күндө бир канча эсе артка кеттик. Артка кетмек тургай жалпы дүйнө жүзүнө уят болдук! Башкача айтканда кашыктап чогулткан ар-намысыбызды сабатсыз бийлик адамдары чакалап чачып талкалады.Мыйзамсыз иш аракеттерин токтотуп укуктук талаага түшпөстөн тандалма жолу менен куугунтуктун, каралоонун күчөшү элдин нааразычылыгын көбөйттү. Ал эми, Кой-Таш окуясы боюнча айтсак бир канча ирет мыйзамсыз иштерге барышып карапайым элди куугунтуктап, алардын жарандык укуктарын тепселешти. Чындыкты бетке айткандарды жалаа жаап эптеп кайырмакка илип камашты.Керек болсо жарандык позициясын билдирген, өз милдетин так аткарган адамдарга чейин камакка алынды. Мындай иш аракеттер жакшылыкка алып келбейт! Мамлекетибизде өнүгүү болбой элибиздин жашоо турмушу оӊолбой жатканынын бирден бир себеби бул – бийлик адамдары Президент баш болуп алардын ишине сын айткандардын пикирин туура кабыл алып өз каталарын ондоп жыйынтык чыгарбаганында. Мындай абал мамлекетибиздин жок болушуна, мыйзамсыздыктын орношуна жана адам укуктарынын тебеленишине алып келет.
Эске салып кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1 жана 2-беренесине ылайык Кыргызстан-эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет.Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат. Ошондой эле, Конституциянын 16-беренесине ылайык, адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык.
Бүгүнкү күндө Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссияга да ишенүү кыйын. Себеби бир тараптуу адамдар чогулган.Кой-Таш окуясы боюнча чыгарылган корутунду да бир тараптуу болооруна көзүбүз жетип турат.
- Ал эми экс-президентибиз Алмазбек Шаршенович жана анын үй-бүлөсүнө болгон куугунтук бул адамдык сапаттын төмөндүгү жана мыйзамсыздыктын толук орношу деп баалайбыз. Өз агасын агалай албаган бирөөнүн агасын сагаалайт болдук.Кыргыз элибизде жакшы макал бар “бир күнү туз таткан жериӊе миӊ күнү салам айт” деген. Мындай учкул сөздүн мааниси жакшылыкка жамандык менен жооп бербе деп чечмеленет. Мээнет жана туз урган жаман!
Экс-президентибиз Алмазбек Шаршеновичтин камакта отурганы мыйзамсыз. Себеби, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык,жаңы милдеттерди же оордотуучу жоопкерчиликти белгилөөчү мыйзам же башка ченемдик укуктук акты өткөн мезгилге карата колдонулбайт. Ошондуктан «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-президенти ушул статьяда белгиленген чектерде кол тийбестикке ээ. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартылышы, ошондой эле буга байланыштуу кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же болбосо жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес.
Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, ченемдик укуктук актынын колдонулушу ал күчүнө киргизилгенге чейин келип чыккан мамилелерге карата жайылтылбайт. Бул эрежеге ченемдик укуктук актынын же анын айрым структуралык элементинин артка карата колдонулушу анын өзүндө же ченемдик укуктук актыны колдонууга киргизүү жөнүндө актыда белгиленген учурлар, ошондой эле мурда каралган укук бузгандык үчүн жоопкерчилик алып салынган же жеңилдетилген учурлар кирбейт.
Ал эми, 2019-жылдын 15-майы № 61«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаӊы редакциядагы ченемдери Алмазбек Шаршеновичке карата колдонулбашы керек.
Жогорудагылардын негизинде, Экс-президентибиз Алмазбек Шаршеновичке карата колдонулган мыйзамсыз иш аракеттердин токтотулушун жана Экс-президентибизди колдоого алган анын тарапташтары Фарид Абилезимович Ниязовду, Амантур Джамгырчиевди, Алга Кылычевди, Кыяз Смаиловду, Канат Сагымбаевди камакка алуу менен аларга кыйноо жүргүзүүнү да токтотууну талап кылабыз!
Ушуну менен бирге белгилеп кетүүчү жагдай, учурда айрым саясатчылар тарабынан экс-президенттин тарапташтарынын бири Камаева Айчүрөк Үсөнбековна бийликке сатылып, кызматка алданып Экс-президентти жана чогуу жүргөн тарапташтарын сатып кетти деген ушак кептерге да токтоло кетсек. БиринчиденАйчүрөк Үсөнбековна атып өлтүрөм десе дагы Алмазбек Шаршеновичти эч качан сатпайт, тескерисинче өзүнүн командасы менен бирге дайыма колдойт. Учурда мамлекеттик кызматта болгондугуна байланыштуу коомдук иштерге катыша албай жатат. Мындан бир канча убакыт мурун Алмазбек Шаршенович менен болгон жолугушууда Айчүрөк Үсөнбековнага мамлекеттик кызмат убагында өз милдетин так аткаруусун жана Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамыныналкагында иш алып баруусун акыл-насаат иретинде айткан. Ушул себептерден улам, Айчүрөк Үсөнбековна коомдук бирикмеге төрагалык кылуудан убактылуу четтетилди. Себеби биз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын туу туткан жарандарбыз!
Өлкөбүз үчүн жабыркагандардын
«Баатырлар үмүтү»
коомдук бирикмесинин төрагасы Камаева Элнура Үсөнбековна
Булак: Багыт