Домой Саясат МАМЛЕКЕТ ЖҮЗҮНДӨГҮ КӨӨ ЖУУЛУШ КЕРЕК…

МАМЛЕКЕТ ЖҮЗҮНДӨГҮ КӨӨ ЖУУЛУШ КЕРЕК…

53

Кыргызстандын бирден-бир ири байлыгы Кумтөр алтын кени- кыргыз эли үчүн, кыргыз мамлекети үчүн иштесин деп, Садыр Жапаров жаны калбай күрөштү. Аянбады.

Кумтөр алтынынын уурдалып жатышына табакташ болгондор аны кармап, жакындарын ырайымсыздык менен сабап, абакка салды.

Элим үчүн, жерим үчүн деген инсан мына ошентип кара мүртөз адилетсиздикке туш болду. Мына ошол кара мүртөз адилетсиздик дагы эле уланып келатат. Кумтөр алтыны элге тийбей, дагы эле ташылып жатат.

Кумтөр элдин кызыкчылыгына чечилип, кара мүртөздүк менен абакка салынган Садыр Жапаров боштондукка чыгарылууга тийиш.

Бул кыргыз мамлекетинин, элинин бетине жабылган чиркөө тез арада жуулуп, адилеттүүлүк калыбына келтирилиш керек…

Айданбек Акматов