Кытайдан мунай тармагында колдонулган сордургуч түзүлүштөрүн мыйзамсыз алып келүүгө аракет кылышкан.
«Түштүк-Батыш» бажысынын «Жалал-Абад» бажылык башкаруу борборунун Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, КЭРден «С.Д.» ЖЧКнын алуучунун дарегине келип түшкөн товарларды анык эмес декларациялоо фактысы аныкталган.
Бажы тариздөө үчүн берилген документке (эсеп-фактурага) ылайык, товарлардын 2 бирдиги – «мунай тармагында колдонуу үчүн сордургуч түзүлүштөр» декларацияланган. Бирок бажылык текшерип кароо учурунда 3 бирдик аныкталган.
Кармалган товардын жалпы баасы 14 365 788 сомду түзгөн.
Аталган факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Жалал-Абад облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.








