Кытайдын Айыл чарба министрлиги итти эти желе турган жаныбарлардын тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу ишкерлик темасына ылайыкташкан британиялык «Quartz» агенттиги жазды.
Мекеменин жакында жарыялаган тизмесинде «адамзат цивилизациясынын жана коомчулуктун жаныбарларга камкордугунун өнүгүшүнө байланыштуу иттер адамга шерик жаныбарга айланды» деп белгиленет министрликтин документинде.
Үй жаныбарлары деген акыркы тизмеге уй, кой, тоок, үндүк, чочко сыяктуу жаныбардын 13 түрү киргизилген. Андан тышкары бугу баштаган 18 түрлүү жапайы жаныбарды да азыктануу максатында бакса болору белгиленген.
Бул тизме кеңейтилиши да ыктымал, документ 8-майга чейин коомдук талкууга чыгарылды.
«Quartz» бул документтин пайда болушу жаңы коронавирус жапайы жаныбардан адамга жуккан деген шектенүүнү күчөткөнүн жазды. Февраль айында Кытай жапайы жаныбарлардын этин жегенге убактылуу тыюу салган.
Гонконгдогу «Animals Asia» жаныбарларды коргоо уюмунун маалыматына караганда Кытайда азык үчүн жылына 10 миллионго жакын ит өлтүрүлөт.
Булак: Азаттык