Куралчан адамдар кетип бара жаткан унаага кол салып айнегин талкалай аткан. Унаанын ичинде ымыркай наристе болгон. Бул тууралуу активист Болот Ибрагимов өзүнүн социалдык баракчасынан билдирди.
https://youtu.be/wxUZGURaK-c
Маалыматта, шаардын тургуну шаар ичинде мамлекеттик коргоо кызматынын коштоосундагы кортеж жүргөнү тартылган видеону милиция кызматына жиберген. Көп өтпөй ымыркай баласын аялы менен кетип бара жатканда куралчан адамдар унааны токтотууга аракет кылып ок чыгарышкан.
«Жабырлануучу буга чейин кызмат абалын одоно колдонгон унаанын видеосун милиция кызматкерлерине жиберген. Милиция болсо ал адамдын коопсуздугун коргоонун ордуна аларга түшкөн маалыматтын булагы ким экенин бузучуларга берип койгон. Алар болсо жабырлануучуну коркутуп унаасына ок чыгарып жатат. Унаанын ичинде үй-бүлөсү болгон. Ымыркай бала унаанын ичинде болучу», — деп жазат инстаргам баракчасына Эртай Искаков аттуу жаран.


