Домой Саясат КСДПнын штабын жетектейм деп жээликкендер көп

КСДПнын штабын жетектейм деп жээликкендер көп

68

Болот Отунбаев

КСДПнын штабын шайлоо учурунда жетектеп, анан элчилик  кызматтарга кетип калчу Болот Отунбаевдин орду, так айтканда КСДП штабы азыр жетекчисиз “жетимсиреп” турат. Белгилүү болгондой,  Боке мырза жакында эле Орусияга элчи болуп кеткен. Ошондон бери, анын ордун ээлеп калсам деп ээликкендердин саны көбөйүп кетиптир. Тандоодон азырынча өтө элек ксдпчылар азыр бул маселе боюнча Атамбаевдин эле чечимин күтүп турушат. Ал ортодо Алмазбек Шаршеновичтин кеңешчиси Икрам Илмиянов, “жетекчиликти мен эле аткарып турам” –деп талапкер болгондорду анча жактырбай турганы айтылууда. Жетекчи болууну каалагандардын арасында Рахат Ырсалиев, Ирина Карамушкина ж.б. бар.  Штабдын ачендиги ким болоору азырынча так эмес, бул маселе жакында такталат.