Коронавирус элге да, бийликке да сабак болгон жок!
Коронавирус деген балекет вирустун чыкканына 5 айдын жүзү болду. Бул жаман илдет алгач Кытайда “жаралып” , бүгүнкү күнгө чейин дүйнөнүн 188 мамлекетине чагылгандай тездик менен тарады. Тараганда да шамал айдап, ээ- жаа бербей дүркүрөп күйгөн кызыл жалын оттой алоолонуп турат. Ажал огун чачып турган ал “жалын отту” жалпы дүйнө жүзү канча аракет кылса да өчүрө албай, кыйын кырдаалга тушукту. 5 айдан бери дүйнөдө вирусту жуктургандардын жалпы саны 6, 2 миллионго жакындап, бул “жалын от” жалмап кеткендердин саны 375 миӊден ашты. Сандар күндө өсүп, төбө чачты тик тургузуп баратса да, негедир ага дүйнө коомчулугу анчейин кайдыгер карап тургансыйт. Бул илдеттин алдында “ити чөп жеп” келген ири державалар Америка менен Россия дагы карайлап жатса, Европанын көп мамлекеттери да шаабайы сууп, шаасы келбей жатат. Мына ушул жагдайдан алып караганда дүйнө эли коронавирустун тийгизген тескери таасиринен сабак алдыбы деген чоӊ суроо туулат. Чынында дүйнө жүзү сабак алды, жашоо нугун өзгөрттү деп айтсак ашыкча болоор…
Бир , эки эле негизги көрүнүшкө көӊүл буралы: чоӊ-чоӊ мамлекеттердин ортосунда баягыдай эле саясый оюндар ийгиликтүү уланууда… Бул коронавирустун шылтоосу мурда кийин жарака кеткен жерлердин баарына шынаа уруп, улам шыкап жатканы байкалууда. Ал эми кылмыштуулук, уруулук, ач көздүк токтоп калган жери жок. Баары баягыдай эле темп менен тегирменин тегеретип жатат. Бирок эки, үч айдын ичинде эле баары токтоп, сонун болуп калат деп үмүт кылуу да анчалык акылга сыйбас иш болоор… Ошондой болсо да илгери үмүт деген изги тилекти кантип тизгиндеп салабыз?
Бийликке акча эле керекпи?!
Биз оболу дүйнө жүзүн коё туруп, өзүбүздүн Кыргызстаныбыздагы коронавирус башталгандан берки ахыбалыбыз тууралуу азыноолак акыл калчайлычы.
Вирус Кыргызстанга 18-мартта келди, ошол күндөн ушул күнгө чейин жаман илдетке чалдыккандардын саны 1845 кишиге жетти. Ал эми алардын 1219у айыгып чыкты дешти. Тилекке каршы 17 киши жашоо менен кош айтышты. Бул көрсөткүч жалпы кыргыз эли үчүн оӊой эмес көрсөткүч. Ал эми ансыз да чамасы чарк, “өйдө тартса өгүзү өлгөн, ылдый тартса арабасы сынган” бийлик коронавирус Кыргызстанда катталгандан бери айласы кетип, “солго барса аты, оӊго барса өзү өлөт” абалында турат. Туура, коронавирустун тамырын Кыргызстанга жеткирбөө үчүн башында жакшы аракеттерди көрүштү. Анын баарын эл байкап өз баасын берип турду. Бирок ошол аракеттер жетиштүү болбой калды. Анан дагынкысы дагы болуп, ошону менен коронавируска чалдыккандар көбөйүп, карантин мөөнөтү узарган сайын өкмөт экономикабыздын “кыйрап” баштаганы боюнча маалыматтарды байма-бай айтып, обон созуп турду. Баары жабылып, карантин болгону үчүн “быйыл салыктардан 30 миллиард сом чогулбай калат” деп чок баскандай секиришти.
Бийлик: “ансыз да алсыз экономикабыз таптакыр акка моюн сунуп калбасын” деп дүйнөдөгү кубаттуу мамлекеттерден карыз сурап, эки айдын ичинде мамлекетибиздин ансыз да аз эмес тышкы карызын жок эле дегенде 500 миллион долларга “ийгиликтүү” көбөйтүштү. Жалпысынан сырттан карыз алууну кыска убакыттын ичинде 1 млрд. долларга жеткирүү ушу тапта улуу иш болуп турат.
Ооба, ал акчанын баары коронавирустун шылтоосу менен алынып жатат. Кыйын учурда өкмөткө, жардамга муктаж болгондорго жардамга деп элден, байлардан, чиновниктерден да 100 миллиондон алда канча көп каражат чогулду. Анын канчасы өз дареги менен максатка ылайык сарпталганы боюнча да күмөн бар. Маселен, вирус катталбаган Талас шаарынын мэри жардамга деген 700 миӊ сомду “жеп” койгону ачыкталды эле. Бул эми бир эле учур. Мындай учурлардын элге ачыкталбай, көшөгө артында, же ичинде жымсалданып калганы канча дейсиз?
Өлкөдө вирус канча көп катталса, сырттан акча алуу ошончо жеӊил болобу?
Бирок кызыгы бийлик жогоруда айтылган доллар менен айтканда миллиондордун, сомго которгондо миллиарддардын тиешелүү багыттарга талапка ылайык сарпталып жатканы боюнча жалпы элге эмдигиче ынанымдуу маалымат бере элек. Ал ортодо сырттан жардамга келген акчаларды “аймап” аткандары тууралуу маалыматтар токтобой турат. Бул эле эмес, биздин Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирус менен күрөшүү боюнча жүргүзгөн саясаты теӊирден тескери болуп жатканы да ашкереленди. Вирус жукту деп овсервацияга алынгандардын айрымдары куландан-соо экенин, ак халатчандардын кыйратып дары берип, ийне сайбаганын айтышса, дагы бир топ адамдар жакындары бул вирустан эмес, башка оорулардан өлгөн учурда ак халатчандар келип: “коронавирустан өлдү деп каттап коёлу” – деп өтүнүп, ал үчүн акча сунуштаганын айтып, жазып чыгышты. Бир, эки адам айтса жалган болушу мүмкүн дейт элек, бирок минтип айткандар көптүк кылууда. Ооба, муну менен биз вирус жок деп айтуудан алыспыз. Вирус Кыргызстанда эч жок деп айтуу такыр эле абсурд болуп калаар. Бирок өкмөттүн коронавируска чалдыккандардын санын көбөйтө албай жатканы шекилдүү көрүнүшкө токтолдук.
Эмнеге дегенде коронавирус өлкөдө канчалык катталып, ал илдеттен канчалык көп киши өлсө, бийлик үчүн кубаттуу мамлекеттерден, эл аралык уюмдардан кайтарымсыз жардамдарды жана жеӊил шарттар менен карыз алууга чоӊ мүмкүнчүлүк түзүлө турганы бешиктеги балага чейин түшүнүктүү болуп калды. Кытай дагы коронавирус көп катталган өлкөлөргө 2 млрд . доллар ардам бере турганын жар салды эле. Мындай жарыялар бизидкилердин түн уйкусун качырышы деле толук мүмкүн.
Мына ушундан улам бул бийликке элдин саламаттыгынан мурун “акча гана керекпи” деген ой-санаалар көпчүлүктүн көкүрөгүндө көкөй кестиге айланып, көӊүлүн “үч көчкөн журттай” калтырып турат.
Негизинен азыр бийликтин берилип жасап жаткан иши экөө эле. Биринчиси: коронавирустун шылтоосу менен сырттан көбүрөөк акча алуу жана парламенттик шайлоого катуу даярдык көрүү… Корозчо койкоӊдоп баскан коррупционерлерге болсо сөз жок, алар крантин учурунда деле мурункудай эле ит ишин ийгиликтүү улантууда…
Бирок бул маселенин арты бийлик үчүн жакшы менен бүтпөйт. Себеби, чыдамдын да, сабырдын да чеги болот.
Башкаларын айтпаганда да бийликтин дүйнөлүк пандемиядан сабак албагынын бир чоӊ далили ушул эмеспи…
Ысырапкорчулук токтоп, пейил оӊолобу?
Ал эми жалпы карапайым калк эки ай бою үйүндө камалып, биринчи жолу өлкөгө үйүндө жамбаштап жатып, ак кызматын өтөгөндөй болду. Өткөн –кеткенге саресеп салып, үй-бүлөсүн, туугандарын жакындан тааныгандар да көп болду. Колунда барлар кайрымдуулук иштерин жасап, ак батага арзышты. Элдин пейили оӊолуп кетпесе да, ысырапкорчулук кан буугандай токтой түштү. Коронавирустун күчү менен Кудайдын кудуретине таӊ берип, Жаратканга жакын болгондор да көбөйдү.
Бирок көпчүлүк деген көпчүлүк. Элдин баары болбосо да басымдуу көбү бул коронавирусту мурдуна конгон чымынча көрбөй, мурун кандай жүрсө, карантин учурунда деле ошондой шадыраӊдап жүрүштү. Дагы бир баса белгилеп кетчү жагдай бул эки ай ичинде эл ичинде бул бийликке ишенбегендердин саны кыйла өстү. Себептери түшүнүктүү. Чынында Кыргызстанда карантин бүттү, мурункудай жай турмушка кайттык деп айтуу такыр эрте. Тескерисинче, коронавирус илдети карантин бүтөрү менен көп чыгып жатпайбы. Өзгөчө эки ай ичинде өлдүм-талдым менен Кыргызстанга Россиядан келгендерден, борбор шаарыбыз Бишкектен жана Нарындан көп катталып, кооптулуктун деӊгээли чоӊ экенинен так кабар берип турат. Эл ичинде бул илдеттен сактангандар өтө аз. Ал эми көбү: “коронавирус эмес, андан өткөн желмогузу келсе да мага баары бир” деген таризде айтылган эрежелерди сактабай жүрүшөт. Бирок бул чоӊ жаӊылыштык! Ооба, баарыбыз түшүнөбүз! Иштеп, үй-бүлөнү багуу зарыл. Бул күнүмдүк маселе баарыбызга түздөн-түз тиешелүү. Бирок пейилди оӊдоп, ыйманды күчөтүп, ысырапкерчиликти токтотуп, барга көппөй, жокко чөкпөй жашаганды эмнеге үйрөнбөйбүз?! Адамкерчилик деген улуу сапаттын баркын билбей, кээ бир учурда маӊкурттун деӊгээлине жетип кетебиз. Баарыбыз эле көп акча табууга, байлык топтоого, кандайдыр бир чоӊураак кызматтарга барууга жандалбастап, жакшы менен жаманды анчалык ылгабай баратабыз. Ушундай жаман адаттарыбыз жашообуздун негизги багыты болуп, каныбызга сиӊип кеткени өкүндүрбөй койбойт. Тилекке каршы дүйнөнү дүӊгүрөтүп, күнүгө ажал огун “бүркүп” турган коронавирус дагы андай адаттардын алдында алсыз экен. Бул канчалык күчтүү, канчалык балакет илдет болсо да дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга сабак болгон жок. Баягы, баягы бойдон эле турабыз. Демек, коронавирустан өткөн вирус биздин жүрөгүбүз менен мээбизге бекем сиӊип, эчак эле жайланып, “ооматтуу” болуп орун очок алып калса керек! Эмесе, коронавируска каршы күрөшкө карата күрөштөн мурун ошол жүрөк-мээбиздеги вирусту тазалап, адамча жашабайлыбы, урматтуу эл-журт! Аӊ-сезимге орноп калган вирусту тазаласак, бул коронавирусту оӊой-олтоӊ эле жеӊет элек!!!
Айбек ШАМШЫКЕЕВ
Булак: Багыт.kg гезити