Домой Саясат Керезбеков, Кутушев же Илмиянов келет

Керезбеков, Кутушев же Илмиянов келет

114

Керезбеков, Кутушев жана Илмиянов

КСДПнын депутаты Галина Скрипкина аз күндүн ичинде мандатын тапшырары буга чейин эле айтылып келгени ырас. Себеби, аны КСДП Евразиялык экономикалык бирлигинин сотуна судьялыкка жөнөткөнү турат. Галина айым, ал жерде иштегенге толук татыктуу. Ал эми анын ордуна тизмеде кезеги жетип калган, Президенттин кеңешчиси болуп “убактылуу” иштеп жаткан Икрамжан Илмиянов, ЖКдагы КСДП фракциясынын секратариатын жетектеп жаткан Абдыманап Кутушев жана Кыргыз юридикалык академиясынын ректору Канат Керезбеков үчөөнүн бирөө келиши толук мүмкүн. Эми бул маселени КСДПнын лөктөрү өздөрү чечишет деңизчи. Азырынча, Илимиянов менен Кутушевдин тараза ташы оор болуп турат. Негизи, Илмияновго караганда, Абдыманап мырза күчтүү эмеспи, ал келсе, КСДП фракциясы кадимкидей күчтөнө түшмөк. Ал мандатка жетмейинче, бүгүндөн баштап спикер боло турган (дейли) Чыныбай Турсунбеков жанынан чыгарбайт го. Неге дегенде, спикердин чачтан көп ишин жеңилдетип турган күчтүүлөр болбосо кыйын да.