Домой Саясат Канат Исаев “машаяк” болсо да жооп берсин!

Канат Исаев “машаяк” болсо да жооп берсин!

63

       1033325620

Саясатта туруктуу позициясы жок Канат Исаев учурда канкор Курманбек Бакиевдин доорунда жасаган кылмыш иштери үчүн жооп берүүдө. Ал 2008-жылы Бакиевди акелеп жүрүп Токмок шаарына мэр болуп, кыска аралыкта бир топ ыплас иштерди жасаган экен. Эми анын азабын тартууда.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге козголгон кылмыш иши боюнча тергөөнүн жыйынтыгын чыгарып, ага коюлуп жатканы айыптарды тизмектеп берди. Маселен, Канат Кедейкановичке 2016-жылдын ноябрь айында иш козголгон. Ал Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган учурда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген деп айыпталган. 11-майда болсо Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) алкагында козголгон иш боюнча эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде үй камагына алынган.

Тергөө версиясы боюнча К.Исаев 2009-2010-жылы Токмок шаарында мэр болуп турганда шаардык китепкананын имаратын мыйзамсыз жеке колго саткан. Ал аталган китепкананы Кенжекараев аттуу жаранга 572 116 сомго сатуу боюнча токтомун чыгарган. Бирок, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары маданий объектилерди менчиктештирүүгө жол бербейт. Ошондой эле “Китепкана иши боюнча” мыйзамында китепканаларды менчиктештирүүгө да тыюу салынган. Соттук-курулуш экспертизасынын чыгарган тыянагына таянсак ал китепкананын имараты 2009-жылдын декабрь айына карата болжол менен 936 624 сомду түзүп турган. Исаевдин “эрдиги” менен мамлекеттик китепкананын имараты эки эсеге арзан сатылган.  Бирок, бул боюнча козголгон кылмыш иши Чүй облустук прокуратурасынын архивинен жоголуп кеткен. Иш кайрадан Башкы прокуратура тарабынан калыбына келтирилип, УКМКга өткөрүлүп берилген.

 

buy viagra with bitcoins. Жакындары мэрияга жыйып баарын “жайлаган”

Канат Исаев мэр болуп барышы менен эле мэриянын жетекчилик кызматтарына өзүнүн тууган-туушкандарын жана мурда башка мекемелерде чогуу иштешкендерди тыга баштайт.  Алгач Токмок шаарынын биринчи вице-мэрлик кызматына аталаш тууганы Болот Имамадиевди дайындаса, бир аз өтпөй дагы бир тууганы Султан Бекташевди «Токмок Инвест Групп» муниципалдык ишканасына башкы директор кылып алып келет. Ал эми 4 айдан кийин шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчылыгына саналашы Мирлан Эсенбековду дайындайт.

Качан гана айланасына ишенимдүү кадрларды топтогон Исаев коррупциялык аракеттерин баштаган. Ал алгач жогоруда аты аталган санаалаштары, Муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги М. Эсенбеков жана “Азия Строй Сапат” ЖЧКсынын директору Б. Асыгалиев болуп өз алдыларынча сүйлөшүп, Токмокто муниципалдык автостанция курууну чечишет. Алардын мындай кадамды эл кызыкчылыгы үчүн эмес, чөнтөктөрүн кампайтуу үчүн жасалганын карапайым токмоктуктар кийин билген. Алгач аталган автостанциянын сметалык баасы 2 126 008 сом болуп түзүлөт. Анан тендер өткөрүшөт. Тендердик комиссия Б. Имамадиев төрагалык кылат. Тендер жарыялангандан кийин “Азия Строй Сапат” ЖЧКсынын директору Б. Асыгалиев тендердик документтерди кечиктирилген мөөнөттө даярдаса да тендерге катышкан. Анын үстүнө аталган ЖЧК автостанцияны курууга квалификациялык талаптарга жооп бере турган талаптарга да ээ болгон эмес. Ушул эле тендерге “УСМ -4” ААКсы да катышкан. Бул ААКнын курулуш иштеринде көп жылдык тажрыйбасы жана атайын техникалары болгонуна карабастан, Б. Имамадиевдин жекече салымы менен “Азия Строй Сапат” ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган.

Бирок, тендер эле мыйзамсыз өтпөй курулуш иштери да сапатсыз жүрүп, ага каражат бөлүүдө мыйзамдын нормалары сакталган эмес. Ошондой эле Томок шаарына 497 миң 308 сом материалдык зыян алып келген.

Исаевдин мындан башка да кыңыр иштери көп. Айрымдары боюнча учурда иликтөө жүрүп жатканы да кабарланууда. Бирок, Канат мырза тоодой “эрдиктерди” жасап коюп уялбай президент болом деп туру. Ал мындай кадамга убактылуу жоопкерчиликтен качуу үчүн эле барып жатканы деле маалым. Ошентсе да мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Кылмыш иши козголгондун, мародердун, маньяктын, педофилдин баары эле президенттик шайлоого аттана берсе мамлекеттин кадыр-баркына доо кетпейби. Исаев жок дегенде кылмыш иштерин бир жаңысыл кылып алып шайлоо деп чуркаса болмок. Канткен күндө да Канат Исаев “машаяк” болсо да жооп бериши керек!