Ковидден өлүмдөр болор алдында көп эскертип, айтып аттыңыз. Дүйнө жүзүнүн кооптонуп жаткан толкуну бизге да тийди. Бул күндөрдүн артында коркунуч жокпу?
Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы! Эпидемия өз мыйзам ченеминде токтобой, толкубай эле «былгып күйгөн тезектей» бирде төмөн, бирде өйдө болуп өтүп баратат. Ошого жараша даярдык да, тийешелүү күрөш да өкмөт тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек! Эл да вирустун өмүргө өтө кооптуу экенин унутпай, ошол кырдаалга дайыма даяр болушу керек. Өрт болгондо гана чакасын көтөрүп чуркабай! Тилекке каршы, өкмөт, эл вирус бар экенин, ал «толкуса» миңдеген өмүрлөр бөөдө томолонорун аңдап-сезбегендей ой калат. Көчөгө чыксаң, эч нерседен кабары жоктой жөөлөшкөн эл, жүздөгөн адамдар топтолгон тойлор, шайлоо өнөктүгү ж.б.уус. эпидемиологиялык талапка такыр туура келбеген иш аракеттер. Анан кантип «инфекция дагы күчөбөйт» деп айтабыз!? «Толкун болот, даярданабыз» деп, бирок толкунга чейин элге эркиндик берип, кадимкидей эле шайлоо өткөрүп атабыз. Элге «эркиндик» бергенден, оорудан алагды кылган иш аракеттен, ойдон алыс болсок жакшы болмок. Коронавирус — толкуп келгидей сезондук грипп эмес, бул өмүргө өтө кооптуу, жаштыгыңа, байлыгыңа, бийлигиңе карабаган мыкаачы оору! Бүгүнкү биздин медицина коронавирустун алдында өтө алсыз! Кепилдик такыр жок! Ошону унутпагыла, туугандар. Оорубагыла!
Булак: «Азия Ньюс» гезити