Домой Коом Кадамжайда ит мурун өстүрүп, 400 миң сомго чейин киреше таап жатышат

Кадамжайда ит мурун өстүрүп, 400 миң сомго чейин киреше таап жатышат

537

 

Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы багбандар 3 гектардан ашуун жерде ит мурун өстүрүп, киреше булагын көбөйтүп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алардын айтымында, ит мурун кан айлануу системасын тазалап, зат алмашууну жакшыртат. Анын мөмөсүн аз кандуулукка, боор жана бөйрөк ооруларына дары катары колдонушат.

Ынтымак айылынын тургуну Руслан Алимжановдун айтымында, айылда сугат суу маселеси башкы көйгөй. Мындан улам сугат сууну аз талап кылган, ошол эле учурда түшүмдүүлүгү жогору болгон өсүмдүктү издештире баштаган. Анын жыйынтыгында түшүмү көп, өтүмдүүлүгү жакшы ит мурун өстүрүүнү колго алган. 10 жыл мурун 1 гектар аянтка ит мурундун 15 түп көчөтү отургузулган. Багбан жыл сайын 3 тоннадан ашуун түшүм алып, 400 миң сомго жакын киреше табат. Кардарлары да көп. Ит мурунду мындан бир топ жыл мурун базарга алып барып, 100 сомдон 150 сомго чейин сатып келсе, акыркы жылдары үйүнө келип, дүң баада алып кетишет. Алар мөмөлөрдү Казакстан, Россия өлкөлөрүнө алып барып сатышат.

Ит мурун май айынан баштап июнь айына чейин гүлдөйт. Гүлдөгөн учурда суу менен камсыз кылып турса түшүм ойдогудай болот. Мөмөсүн жыйноо убагы октябрь айына барып такалат. Жыйноого көп убакыт жана кара күч керектелет.

Халмион айыл аймагынын башчысы Камалидин Бегматовдун айтымында, айыл аймакта 3 миң гектардан ашуун жер сугарылгандыктан сугат сууга болгон муктаждык күч болот. Акыркы жылдарда сууну аз талап кылган өсүмдүктөргө болгон талап көбөйүп жатат. Андыктан жүзүм жана ит мурун өстүрүп киреше тапка багбандардын катар калың.

Ит мурун жапайы өсүмдүк. Анын 400дөн ашуун түрү бар. Анын курамында С витамини карагатыкынан 7-10 эсе, лимондукунан 40-50 эсеге көп.

Булак: turmush.kg