Биздин сиздердин редакцияга кайрылуубуздун себеби, биз эки райондун 40 тай адамдары Жети- Өгүз районунун Барскоон айылынын тургуну, 1960-жылы туулган Бексултанова Сүйүн Махмутовнага 125 миң АКШ долларын алдатып ушул күнгө чейин ала албай келебиз, анткени жогоруда аталган адам С.М. Бексултанова алдамчылык жолу менен ушул аталган адамдардын ар биринен 3-5 миңден жана ар кандай өлчөмдөгү АКШ долларын алып баарыңарды “Кумтөр Голд” компаниясына жумушка киргизип берем деп макулдугун алган, себеби бул адамдын күйөөсү Кулубаев Турдубек Бейшеакунович жана бир тууган кайниси Кулубаев Максат Бейшеакунович, дагы бир кайниси Кулубаев Толик Бейшеакуновичке таянып акчаларды алган.Анткени бул аты аталган адамдар көп жылдан бери аталган компанияда ар кандай чоң кызматтарда иштешерин бизге айткан.Бул адамдар бизден мурун көптөгөн адамдардан 3-5 миң доллар өлчөмүндөгү акчаларды алып элди “Кумтөр Голд” компаниясына ишке киргизип келишкен.Бизге муну бизден акча алган Бексултанова Сүйүн Махмутовна айтып келген. Бизден алган акчаларды ушул адамдарга алып барып берерин айткан.Ошондон бери бизге айтылган жумуш аткарылбай келет.Себеби С.М.Бексултанова балдардын баарына тең телефон аркылуу “Кумтөр Голд” компаниясында вакансия болбой жатат деп ар кимибизге ар кандай калп сөздөрдү айтып келген.Бул иштин башы 2014- жылы эле башталган.2016 -жылы ноябрь айында 40 тай адам чогулуп Бексултановага кезигип берген акчаларыбызды кайра кайрып беришин талап кыла баштадык жана биз үй — бүлөсүнө кезигели деп бардык. Бул адамдын күйөөсү жана баласы Кулубаев Улан Турдубековичке барып кезиккенибизде алар: «Биз эч нерсени билбейбиз жана көргөн эмеспиз. Акчаны кимге берсеңер ошондон алгыла,» — деп бизге туура эмес жооп кайтарышты.Биз Бексултановага акчаны бер деп кыйнай баштаганыбызда бул адам өзүнүн жашаган үйүнөн өмүрүн кыюу максатында уу коргошунду ичкени белгилүү болду. Жети-Өгүз районунун ооруканасына оор абалында барып түшкөн деп маалымат таратышкан. Биз жабыркаган адамдар райондук ооруканага барып акыбалын сурап кезигели десек бизге макулдугун беришкен жок. Эки жума өткөндөн кийин Бексултанова Сүйүн толук дарыланып, ооруканадан үйүнө чыгарылган. Кайрадан эле биз үйүнө барып кезигели десек, үй-бүлөсү бизге кезиктиргенге уруксат бербей апабыз ооруп жатат деп шылтоолоп келишти. Биз жабырлануучулар чогулуп Жети-Өгүз РИИБне кайрылууга туура келди.Биз органга барып баарыбыз өз колдорубуз менен кайрылуу жазган соң укук коргоо кызматкерлерине ишти өз колдоруна алып,мыйзам чегинде карап берүүсүн сурандык. Жети-Өгүз РИИБнин кызматкерлери бул адамды издеп Барскоон айылына барышып таппай жана үй — бүлөсүнөн эч кандай маалымат ала алышпай издей башташты. Аларга түшкөн маалыматтын негизинде бул адам Бишкек шаарында кызы Кулубаева Дилбара Турдубековнанын үйүндө жашынып жүргөндүгү белгилүү болот. Жети-Өгүз РИИБнин кызматкери, милициянын полковниги Зикиралиев Улан Спартакович өзүнүн адамдарын Бишкекке бул адамды карап келүүгө жиберген.Милиция кызматкерлери аталган дарек боюнча издеп бул адамды таап албай, акыры Воронцовка дарылануучу жайынан кармашат.Ошол убакта издөөдө жүргөн Бексултанова Сүйүн Махмутовна “мен ооруп жатам, акыбалым начар” деп милиция кызматкерлерине өзүнүн каршылыгын көрсөтүп кутулууга аракет кылат. Буга макул болбогон милиция кызматкерлери кармалган адамды Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз РИИБине алып барып кармоого алышат. Сүйүн Бексултанованын балдары апабыз ооруп жатат дарыланышы керек деп арызданышып апасын райондук ооруканага жаткырышат.Дарылоо курсу бүтүп калган убакта тергөө иштери башталгыча Жети-Өгүз райондук соту Бексултанова Сүйүндү убактылуу Ысык- Көл областынын сизосуна жаткырат.Буга макул болбогон үй-бүлөсү областтык сотко арыз жазып кайрылышат.2016- жылы 27-декабрда Ысык-Көл областтык сотунун судьялары Б.С. Асанбаев жана Кудабаева, сот отурумунун катчысы М.Сапарбек кызы жана соттун төрагасы А.К. Молдоакунов ишти карашып сот залынан 40 тай жабырлануучунун эч кандай ойлорун жана көйгөйлөрүн укпай, өз билгенин жасашып айыпталуучу С.М. Бексултанованы үй камагына чыгарып жиберген. Биз жабырлануучулар бул соттун чечимине каршылыгыбызды билдирип, туура эмес чечим болуп калды деп төрагага кайрылсак, айыпталуучу ооруп жатыптыр деп бизге жалган чогултулган иш кагаздарын айтышты,анткени бул адамдын жалдаган адвокаты А.Молдогазиев бул адамды жакташ үчүн ар кандай жалган маалыматтарды жана иш кагаздарын чогултуп, сотко материал кылып дайындаган.Ушундан кийин биз жабырлануучулар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөл арыз жазып,кайрылдык.Учурда С.М. Бексултанованын үй-бүлөсү “апабыз ооруп, сүйлөй албай баса албай жатат”- деп жалган маалыматтарды, иш кагаздарды даярдашып тергөө иштеринин чакыруусуна келбей, ар кандай калп шылтоолорду айтып жатышат.Биз -40 тай жабырлануучулар бул иштин аягына кандай кылып чыгышты билбей КТРКга жана маалымат борборлоруна жардам суроо иретинде кайрылып жатабыз.Анткени, 40 тай жабырлануучулар, тактап айтканда 40 тай үй-бүлө берген акчаларын ала албай келишет.Ар кимиси берген акчаларын ар кандай жолдор менен таап беришкен.Мисалы, кээ бирлери өздөрүнүн мал-мүлкүн сатып,айрымдары ар кандай банктардан жогорку пайызда насыя алып беришкен.Ушул кезге чейин жабырлануучулар эмне кылаарын билишпей алган насыяларын төлөй алышпай,күрөөгө койгон үй- жайларын алдырууга коркунуч туулуп турат.
Тоң жана Жети-Өгүз районунун тургундары: Жакшылык уулу Мирлан, Бейшенов Мирлан, Сагынбаев Акылбек, Кыштообаев Мирлан, Мамбеталиев Эдельвейс, Эсеналиев Мирбек, Жумакунов Илич, Шаршеке уулу Садырбек, Өмүрбеков Жыргал, Кадырбек уулу Руслан жана башкалар…