Домой Саясат Ишкер Жалил Атамбаев 50 млн сом төлөп, үй камагына чыкты

Ишкер Жалил Атамбаев 50 млн сом төлөп, үй камагына чыкты

94

«Мыйзамсыз баюу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган мурдагы мамлекеттик кызматкер, азыркы ишкер Жалил Атамбаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, тергөө тарабынан Жалил Атамбаев ИИМде иштеп турганда, мыйзамсыз  ишкерлик менен алектенген. Ал жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун акчага кыймылсыз мүлк сатып алып, жакын туугандарына каттаткан.

4-мартта Жалил Атамбаевдин жактоочусу тергөө менен кызматташууга даяр экенин, тергөө аныктаган сумманы мамлекетке төлөп берүүгө макул экенин билдирген.
Бүгүнкү күнгө карата Атамбаев УКМКнын атайын эсебине 50,5 сом төлөдү. Дагы 50 миллион сомду март айынын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттенме алды.
“Тергөө менен кызматташып жатканын, келтирилген чыгымдын бир бөлүгүн төлөп бергенин эске алуу менен Жалил Атамбаев Биринчи май райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылды”, — деп айтылат маалыматта.