“Эмне маанилүү-бийликпи же ден соолукпу? Өзгөчө абалды киргизүүгө зарылдык жоктугун Боронов айтты. Айыкпас вирусту жуктургандар тездик менен өсүп жатат. Эми адамдар дал ушул оорудан улам көз жумушат. Анда эмне үчүн бийлик чектөөлөрдү киргизбейт? Менин оюм боюнча эки себеп бар:
Биринчиси – бийликтин элден коркуусу. Өзгөчө абалда элди багуу керек, бирок бюджетте акча жок. Бир нече убакыт өткөндөн кийин, эл бийликти тарыхтын таштандысына ыргытат.
Экинчиси – кандай гана болбосун, күзүндө парламенттик шайлоо өткөрүү зарыл. Адамдар ооруп калышса да, жабыр тартышса да биз Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлайбыз, андан кийин гана оору менен күрөшөбүз. Жөнөкөй жана уятсыз. Эгер жаңылышып калсам, аябай сүйүнөм”, – деп жазган экс-депутат Исхак Масалиев