Домой Дүйнөдө Хабибулла Арзыкулов: “АКШга болгон сапарым ийгиликтүү болду”

Хабибулла Арзыкулов: “АКШга болгон сапарым ийгиликтүү болду”

83

             22137193_2020324374869744_6882909879047470887_o

generic super viagra. «Элим барсыӊбы?» коомдук кайрымдуулук фонду “Бир демөөрчү – бир окуучу” долбоорунун алкагында жетим балдарга бир топ жакшы иштерди аткарып келүүдө. Ошол долбоор менен фонддун жетекчиси Хабибулла Арзыкулов мырза жакында эле АКШга барып келди. Ал жакта жашап, иштеп жаткан биздин жарандарыбыз эми тапкан акчасынын кээ бир пайызын жыл сайын жетим балдарга жана башка муктаж адамдар үчүн фондго расмий түрдө жөнөтүп турмай болушту – дейт Хабибулла Арзыкулов.

“Биздин максат – чет өлкөдө жүргөн мекендештер менен кызматташуу”

— “Бир демөөрчү – бир окуучу” долбоору менен АКШга барып келдим. Биздин максат  — чет өлкөдө жүргөн биздин мекендештер менен кызматташуу. Азыр Америка, Европа, Россия, Корея, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттарында жашап, иштеп жаткан боордошторубуз абдан көп. Орто эсеп менен 1-1.5 миллион кыргыз сыртта. Четте жүргөн кыргыздардын көбүнүн өлкөсүнө сагынычы күч болгондуктан, өлкөнүн өнүгүшү үчүн жакшы иш кылгысы келген кишилер да толтура экен. Өлкөбүздөгү ар кандай социалдык көйгөйлөрдү жоюу максатында кызматташалык деген максатта бардык. Буга чейин Европага да эки жолу бардым. Бирок, ал жакта көбү студент болгондуктан, жардам берүү мүмкүнчүлүгү аз эле. Ошондой болгон күндө да Европа менен анча-мынча иштешип жатабыз. Бирок, АКШда 25 миңдин тегерегиндеги кыргыз бар болгонуна байланыштуу, мүмкүнчүлүк чоң. Айлыктары 3 миң доллардан 15 миң долларга чейин экен. Нью-Йорк, Чикаго, Нью-Жерси, Кансильвания, Эль-Нуис, Техсас, Хьюстон, Калифорния, Лос-Анжелес, Сан-Франсискодогу кыргыздардын баары менен жолугушууга аракет кылдым. Мен жолуккан адамдардын бири да жардам берүүдөн баш тарткан жок.

“АКШдагы кыргыздар Кыргызстанга кайтып келгиси келбегени мени ойлонтту”

—Мени ойлонткону, ал жактагы кыргыз боордошторубуздун көбү кайра Кыргызстанга кайтып келгиси келбейт экен. Кыргызстанга болгон үмүттөрү да жоголгону мени кейитти. Социалдык маселелер, карылар, майыптар, операциялар, муктаж үй-бүлөлөр, алыскы региондордогу кээ бир көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берели дешти буюрса. Бизде кайрымдуулук маданияты көп өнүгө элек эмеспи. Биздин АКШдагы боордошторубуз америкалыктардын кайрымдуулугунан үлгү алып, жардам берүүгө кол сунушту. Ал жакта ар бир үй-бүлө колунан келгенин жылына бир жолу кайрымдуулукка берип турушат экен. АКШдан  жактан үлгү ала турган толтура нерселер бар. АКШда 350 миллион калк жашаса, анын 80 пайызы кайрымдуулук менен алектенет экен.  А бизде миң кишинин 4-5 кишиси кайрымдуулук кылат. “Эмбрес Элив” деген кайрымдуулук фондуна иштешсек болобу деп баш багып калсам, алар толук макул дешти. Бир контейнер толтуруп Кыргызстанга салышыбыздын жол киреси он-жыйырма миң доллар. Контейнерде компьютер, планшет, медициналык кымбат аппараттар болот. Жол киресин силер таап бергиле, биз жанагы аппаратттарды расмий түрдө силерге жөнөтөлү, — дешти. Жүз миңдеген компьютер алып келсек болот экен. Эгерде Кыргызстанда 2200 мектеп болсо, ар бир мектепке компьютердик класс ачып бергенге мүмкүнчүлүк бар. Бирок, кайрымдуулук ишин жүзөгө ашырууга жардам бергенге волонтер таппай койдум. Буюрса келечек алдыда, дагы андай волонтерлор чыгып калып, Кыргызстаныбыздын эли үчүн жардамдарды тартса болот.

АКШга болгон сапарымда биздин фондду расмий түрдө ал жакта ачсак, расмий түрдө алардын мыйзамы менен иштесек деген ой кетти. Топтогон каражатыңдын 30 пайызын Америкага калтырып, калган 70 пайызын Кыргызстанга кайрымдуулукка алып чыксаң болот деп айтышты. Ошондой жол менен өлкөбүзгө чоң жардамдарды алып келүүгө болот экен.

“Жетим балдарга бир аз болсо да демөөрчү таап келдик”

—Менден АКШ, Европаларга кантип, кайсы каражатың менен барып жатасың? – деп сурашат. Менин ал жакка жөн барган жокмун, бул жактагы көйгөйлөрдү чечүү максатында бардым. Ал эми билетимди “Target”  деген авиакасса алып берди. Баргандан кийин ар бир шаарда мекендештерибиз күтүп алып, алардын үйүнө жатып аттым. Алар менен кошо тамактанып, кыдырып жүрдүм. Бакыт деген боордошубуз мен баргандан тосуп алып, кеткенге чейин коштоп жүрдү. Жетим балдарга бир аз болсо да демөөрчү таап келдик. Биз Президентибиздин демилгеси менен ачылган №71 -мектеп-интернатынын тарбиялануучуларынын чыгашаларын биз фонд катары көтөрөбүз. 200 баланын чыгашасы билинбеген менен бир топ болуп кетет. 200 баланын бир бөлүгүнө демөөрчү таап келдик. Ал жакта бир фонд аркылуу расмий иштеше турган болдук. Ошол фонд аркыуу демөөрчүлөр акчаларын жөнөтүп турушат. Буюрса, АКШга болгон сапарым ийгиликтүү болду. Эми мындан кийинки сапарым Россия Федерациясы болмокчу. Ал жакта мүмкүнчүлүктөр жогору. Америкада 25 миңдин тегереги болсо, Россияда миллионго жакын. Миллиондун баарына жетпесек дагы диаспоралар менен иш алып барабыз деп ниеттенип жатабыз.