Домой Саясат Депутат: «Москвага учак жөнөтүп, жарандарыбызды алып келели»

Депутат: «Москвага учак жөнөтүп, жарандарыбызды алып келели»

50
Россиянын Москва шаарынын Жуковский аэропортунда 300 Кыргызстандык ары да, бери да кетпей кармалып турат. Бул тууралуу депутат Улукбек Ормонов билдирди.

Анын айтымында,  аларга атайын учак жиберип алып келүү зарыл.

“Бул келе турган адамдардан тышкары каза болгон эки адамдын сөөгү да бар. Кийинки рейске дагы эки адамдын сөөгү жүктөлмөк. № 62 467 Урал авиа линиясы ишканасынын учагын Кыргызстандык жүргүнчүлөр каттоодон өткөндөн кийин токтотуп коюшкан. Учурда Кыргызстандын Россияда калган жарандарын алып келүү толугу менен чечиле элек”,- деп билдирди депутат.

БУЛАК: fakt.kg