Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев кимдир бирөө үчүн башка адам добуш бериши мүмкүн деген сөздөрдү четке какты. Бул тууралуу ал 15-октябрда өкмөттө өткөн брифингде билдирди.
Ал буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочуларга бир канча ирет паспортунун көчүрмөсү менен жеке маалыматын башка адамдарга бербөөнү эскерткенин айтып, жеке маалыматты карматуу добуш берүү учурунда негативдик ойлорго жетелей турганын билдирди.
14-октябрда социалдык тармактарда башка адам үчүн добуш берген клондор тууралуу ролик тараган. “Бул чындыкка дал келбейт. Биз бул материалды чагымчыл мүнөздөгү иш деп билебиз”, — дейт Догоев.
Ал биометрикалык маалыматтардын идентификациялык системасы жана маалыматтар аудиттен өтүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде корголгонун айтты.
Башка адам үчүн добуш берүү боюнча тараган маалыматка жооп берген Д.Догоев Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык идентификация системасы сапаты боюнча эл аралык нормалар тааныган сертификатка ээ экенин, коопсуздук жагы бекем сакталганын билдирди. “Бир шайлоочу – бир добуш принциби сакталат. Идентификация боюнча маселе жок”, — деди ал.