«Бизде айрым ишкерлер кийим-кече жана башка буюмдарды өндүрүүнү токтотуп, мелициналык беткап тигүүгө өтүштү. Алар бул аракети менен бизге абалды турукташтырууга көмөктөшүүдө. Беткапты табы айныган адамдар кийгени жакшы, бардык адамдар кийүүсүнө азырынча муктаждык жок».
Министр элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, дары-дармек, жабдуулар жетиштүү экенин билдирди.
18-мартта Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган үч адам катталган. Алар жашаган Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген. Алар менен байланышкан бардык адамдар да дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Ал эми атайын обсервация жайларында 321 адам текшерүүдөн өткөрүлүүдө.
Булак: Азаттык